Menu

Санжар Исабаев Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Исабаев Санжар Мамадиярович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Санжар Исабаев 1981-жылы туулган. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси. 2005-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчысы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген. 2015-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотунда судьялык кызматты аркалаган.

2018-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: