Menu

Мирзиёевдин кудасынын баласы футбол калыстарына кысым көрсөткөн деп айыпталууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзёевдин кудасынын баласы футбол боюнча өлкө Суперлигасынын акыркы эки турунда калыстар менен машыктыруучуларга кысым көрсөткөн. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы өз иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Суперлиганын турнирдик жадыбалында сегизинчи орунда келаткан «Коканд – 1912» клубу 22-майда өз талаасында «Бухарага» 1:2, 26-майда «Кызылкум» командасына 0:1 эсебинде утулуп калган. Бул оюндардын жүрүшүндө Ойбек Умаров калыстар менен машыктыруучуларды кемсинтип, аларга ачык эле кысым көрсөткөнүн окуянун күбөлөрү билдиришти. Алардын айтымдарында, Умаров «Коканд — 1912» командасынын утулушуна калыстарды айыптаган.

Азырынча Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаровдун иниси, 32 жаштагы кокондук ишкер Ойбек Умаровдун «Коканд — 1912» футбол клубуна кандай тиешеси бар экени тактала элек.

Суперлиганын 12-турунда коопсуздукту камсыздаган милиция кызматкерлеринин бири Ойбек Умаров оюндан кийин калыстарды кетирбегиле деп буйрук берип, алардын дарегине бир топ опузалаган сөздөрдү айтканын билдирди.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын өз булактары кабарлашкандай, Умаров 26-майда «Коканд – 1912» командасы «Кызылкумга» утулган беттеш маалында дагы аябай ачуулуу болгон. «Оюн аяктагандан кийин ал башкы калыс Акобирхож Шукуриллаевди футболдон четтете турганын айтып опузалады. Калыс унчуккан жок, ал жаш болгондуктан өзүн жоготуп койду. Андан соң Умаров оюндун башкы көзөмөлчүсү Фарход Абдуллаевге асыла баштады», — деди булак.

Өзбекстандын Профессионалдык футбол лигасынын президентинин кеңешчиси Диёр Имамхажаев калыс Акорбирхож Шукуруллаев «Коканд — 1912» жана «Кызылкум» командаларынын ортосундагы беттеш маалында кетирген каталары үчүн Суперлига оюндарынан четтетилгенин айтты.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: