Menu

Кытайда ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын он үчүнчү Кеңешмеси болуп өттү

Бөлүшүү:

24-27-майда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында Шанхай кызматташтык  уюмуна мүчө мамлекеттердин  Жогорку сотторунун төрагаларынын он үчүнчү Кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет.

Ага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева башында турган кыргыз делегациясы катышып келди.

Кеңешменин ачылышында чыгып сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева кыргыз тарап  тийиштүү эл аралык конвенциялар жана эки тараптуу кызматташтыктардын  принциптери менен максаттарын  кармануу менен, “ Шанхай кызматташтык уюмунун уставдарын”  колдонуп келе жаткандыгын белгиледи.

Өз ара ишеним, ар тараптуу маданиятка болгон урматтоо жана биргеликте өнүгүүгө  болгон аракеттин арты менен  биз  сот чөйрөсүндө тыгыз байланыштарды  жана кызматташтыкты бекемдей алдык, деди  А .Токбаева.

Төрайымдын айтымында, ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын  он үчүнчү Кеңешинин  алкагындагы  тыгыз кызматташтык өзүнүн натыйжасын берип, бирдиктүү укук  колдонуу практикасын  камсыз кылууда,  достук мамилелердин  бекемделишине, өз ара ишенимдин түзүлүшүнө алып келет.

А. Токбаева  өз сөзүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  ШКУга кирген мүчө мамлекеттердин  тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен таанышып, аларды кыргыз сот адилеттигин ишке ашырууда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыктар  экендигин кошумчалады.

Аталган  Кеңешме  укуктук жактан  кызматташтыкты  мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүп, бул багыттагы өз ара  байланыштарды өркүндөтүү керек экендигин Төрайым билдирди.

Белгилүү болгондой,  иш чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева  менен Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик сотунун төрагасы Чжоу Цяндын эки тараптуу жолугушуусу болду.

Анда тараптар  өз ара кызыкчылыкты жарата алган  сот адилеттигине жетишүүнүн  актуалдуу  маселелерин, ошондой эле мындан аркы байланыштарды  талкуулашып, кеңири чөйрөдөгү  маселелер  боюнча пикир алмашуу болуп, эки  тараптын  ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыктарын бекемдөө маселелери каралды.

Жолугушуунун алкагында  Жогорку соттордун  төрагалары өз ара түшүнүшүү туурасында Меморандумга  кол коюушуп, бул өз кезегинде жакынкы аралыктагы  кызматташтыкты бекемдөөгө негиз болуп бере алаарын белгилешти.

Кошумчалай кетсек, Кеңешме  Кытай Эл Республикасынын  Жогорку элдик сотунун төрагалыгы астында өттү.  Ага Кыргызстан,  Казакстан,  Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын Жогорку сотторунун төрагалары катышып, сөз сүйлөштү. Мындан тышкары иш чарага байкоочу мамлекеттердин, баарлашуу боюнча  өнөктөштөр, Катчылык,  ШКУнун регионалдык антитеррористтик  структурасынын  аткаруучу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар  сот  ишмердүүлүгүн  маалыматташтыруу  жана  “акылдуу  сотторду ” түзүү боюнча  пикир алышты. Ошондой эле  ШКУга мүчө мамлекеттердин   соттук-укуктук чөйрөсүндөгү  кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган  келишимге  кол коюулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: