Menu

УКМК Албек Ибраимовго кылмыш ишин козгоду, “Дастан” заводуна ири көлөмдөгү зыян келтирген

Бөлүшүү:

28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы КР кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалыматтар боюнча 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы А.Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» ЖЧК башкы директору А.Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллары суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 АКШ доллары суммасында белгиленген. Өз кезегинде «ТНК Дастан» ААК мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧК Украинанын мамлекеттик хозрасчеттук компаниясы менен дагы келишим түзүп, аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 АКШ долларына сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң АКШ доллары сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Муну менен «ТНК Дастан» ААК жана «Дастан Инжиниринг» ЖЧК ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Белгилей кетсек, «Дастан Инжиниринг» ЖЧК 30% үлүшү ошол учурда «ТНК Дастан» ААК тиешелүү болгон. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: