“Өткүрбек Асилбекович, сиз 2017-жыл үчүн отчет берип жатасыз, бирок ал кезде сиз генпрокурор болуп иштеген эмессиз. Мен сизге 2018-жылдын иштери боюнча эле суроо берейинчи. Быйыл 28-мартта бажынын жетекчилеринин бири Шамил Бердалиевге каршы 150-18-54 номурлуу кылмыш иши ачылган эле, ал эмне токтоп калды? Ал машиналарды трактор деп бажы салыгын азайтып жазып, 20 миллион сом мамлекетке зыян келтиргени боюнча маалымат ачык жарыяланган. Муну элдин баары билет”, – деп сурады депутат Рыскелди Момбеков генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдон.
“Ооба, кылмыш иши азыр тергелип жатат, бирок ал кишиге али айыбы угузула элек”, – деп жооп берди УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов.
“Анда ушул маалыматты премьер-министрге берип койгула, ал билбесе керек, билсе Бердалиевди бажы башчысынын орун басарына кантип дайындамак эле?” – деди Момбеков.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ