Menu

ИИМ: Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кескин чаралар көрүлдү

Бөлүшүү:

ИИМдин ыкчам ишмердүүлүгүнүн биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен өткөн коллегияда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы С. Көчөрбаевдин жана Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Б. Имангазиевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу түшкөн арыздар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыктан, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына аяктаганга чейин ээлеген кызматтарынан убактылуу бошотулгандыгын өз убагында билдиргенбиз. Ал арыздар милициянын ардагерлеринин, кызматтан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлердин атынан түшкөндүгүн белгилейбиз. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтык чечимине ылайык ИИМдин айрым бир жетекчи кызматкерлердин аракетине баа берилди жана ага ылайык ИИМдин буйругу жарык көрдү.
Ага ылайык кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы “көзгө сайып” көрсөткөндөй ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги С. Көчөрбаев ИИМге тиешелүү “ички иштер органдары тууралуу” мыйзамдын, Ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө тууралуу Жобонун, кызматтык иликтөөлөрдү өткөрүүнүн инструкцияларынын талаптарын так жана мыйзам чегинде сактабастан, анын талаптарын одоно бузууга жол бергендиги аныкталды.
Ага ылайык мыйзамдуулуктуу көзөмөлдөө жана аны көз карегиндей сактоо боюнча өзүнө бекитилип берилген кызматтык ыйгарым укуктарын жана түздөн түз милдеттерин аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы так жана даана байкалган.
Ошондой эле ички иликтөөлөр кызматы тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлеринен коркутуу, үркүтүү методдорун жана видео-аудио жазууларды пайдалануу менен акча талап кылуу, пара алуу фактылары да орун алгандыгы ачыкталган. Учурда иштеп жаткан кызматкерлердин жана ардагерлердин укуктары тепселенген жана мыйзамсыз иштен айдалгандар да болгондугу аныкталып олтурат. Мунун жыйынтыгы өзүнө тапшырылып берилген кызматка болгон ишеничин жоготту деп бааланат жана ошондой эле ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги С. Көчөрбаевдин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2 бөлүгү менен (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козголгондугуна байланыштуу жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы катарында ишмердүүлүгүндө кетирген одоно кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын катарынан биротоло айдалды.
Ошондой эле кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө белгиленгендей ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы Башкы башкармалыгынын орун басары, милициянын майору Р.Хасанов дагы кетирген одоно кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын катарынан биротоло айдалды. Кызматтык иликтөө көрсөткөндөй ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы Башкы башкармалыгынын орун басары, милициянын майору Р.Касанов 2012-жылдын 15-январынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын чегарасын 70 жолу кесип өтүп, чегарадан өтүү боюнча ички иштер органдарыны кызматкерлерине коюлган талаптарды, тартиптерди сактабагандыгы жана аны одоно түрдө бузгандыгы аныкталды. Андан сырткары анын атасы Б.Касанов 2008-жылы Казак Республикасынын Петропавловск областтык соту тарабынан оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып 10 жылга эркинен ажыратылгандыгын ички коопсуздук кызматынан жана ИИМдин кадрдык аппаратынан жашырып койгондугу да аныкталды. Ошондой эле кызматтык милдеттерине аткарууда өзүнө бекитилип берилген кызматтык ыйгарым укуктарын жана түздөн түз милдеттерин аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кызматкерлеринен коркутуу, үркүтүү жолдорун пайдалануу менен мыйзамсыз акча чогултуу, өздүк курам арасында моралдык-психологиялык жактан абалды чыңалууга алып келген. Кызматкерлердин укуктарын ачыктан ачык тепселөө менен ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө тууралуу Жобонун, кызматтык иликтөөлөрдү өткөрүүнүн инструкцияларынын талаптарын так жана мыйзам чегинде сактабастан, анын талаптарын одоно бузууга жол бергендиги жана өзүнө тапшырылып берилген кызматка болгон ишенимди жоготкондугу аныкталды. Өзүнүн кызматка болгон мамилеси анын ички иштер органдарында иштөөгө татыксыз экендигин көрсөттү.
Ошондой эле ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы Башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги У.Асанов кызматтык милдеттерине аткарууда кол алдында иштеген кызматкерлерине тактап айтканда орун басары Р.Хасановдун ишмердүүлүгү боюнча мыйзам чегинде көзөмөлдүн жоктугу, кызматтык иликтөөлөрдүн мыйзамдуулугуна жана акыйкат чечим кабыл алып жатабы же жокпу деп жетекчи катары көз салуда кетирилген кемчиликтери жана кызматкерлердин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерүүлөргө дуушар кылуу жана өздүк курам арасында моралдык-психологиялык жактан абалды көзөмөлдөн чыгарып жибергендиги үчүн “ээлеген кызмат ордуна толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү” деген тартип жазасына кириптер болду.
Ошондой эле Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Б. Имангазиев кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ички иштер министрлигинин кадрдык саясатын жүргүзүүдөгү кетирген кемчиликтери үчүн ээлеген ордунан бошотулду.
Кызматтык иликтөөлөрдүн акыркы жыйынтык толук материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: