Menu

Украин премьери: журналист Бабченконун өлүмүнө Орусиянын тиешеси бар

Бөлүшүү:

Украина премьер-министри Владимир Гройсман орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчилик Орусияда экенин билдирди. Анын пикиринде, Москва журналистти «чынчылдыгы жана принципиалдуулугу» үчүн кечирген жок.

“Ал дүйнөгө Орусиянын агрессиясы тууралуу чындыкты айткан чыныгы дос”, — деп жазды Гройсман «Фейсбук» баракчасына. Андан соң анын төмөн жагына Бабченконун социалдык түйүндөгү акыркы билдирүүсүнүн көчүрмөсүн тиркеген. Анда журналист 2014-жылы 29-майда Украинанын чыгышында кулап түшкөн тик учакка батпай калып, аман калгандыгын жазган. Бирок Бабченко бул билдирүүсүн жайгаштыргандан 10 саат өткөндөн кийин өлтүрүлгөн.

Бабченконун өлүмүнүн артында Кремль турат деген божомолун буга чейин Украин ТИМ башчысы Павел Климкин дагы айтып, журналист коркутуулардан улам Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун белгилеген. “Ал демократиялык Орусия үчүн, Украина үчүн күрөшүүсүн уланткан. Ошондуктан Москва аны дайыма душман катары көрчү”, – деген Климкин.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Аркадий Бабченконун туугандары менен жакындарына көңүл айтты. Бирок бул окуяны Украинадагы «жазасыздык» маанайына байланыштырды.

Аркадий Бабченко кечээ Киевдеги үйүнүн кире беришинде өлтүрүлгөн. Кылмышкер аны үч жолу далысына аткан. Бабченко тез жардам унаасы менен ооруканага бараткан жолдо жан берген.

Украин ИИМи атайылап адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Киев полициясы кылмыш боюнча эки версияны кароодо — журналисттин профессионалдык ишмердүүлүгү жана жарандык позициясы. Бабченконун өлүмү боюнча Орусиянын Тергөө комитети дагы кылмыш ишин козгоду.

ЕККУ украин бийлигин бул иш боюнча тез арада тергөө иштерин баштоого чакырды. Бул тууралуу Твиттерге уюмдун ММК эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: