Menu

Өзбекстанда футбол калыстарына көрсөтүлгөн кысым боюнча иликтөө башталды

Бөлүшүү:

Өзбекстан футбол ассоциациясы жана Профессионалдык футбол лигасы 22-26-майда «Коканд — 1912», «Бухара», «Кызылкум» командаларынын ортосундагы беттеш маалында болгон окуяларды иликтей баштады.

Иликтөөгө “Азаттыктын” өзбек кызматынын “Мирзиёевдин кудасынын баласы футбол калыстарына кысым көрсөтүүгө айыпталууда” деген макаласы себеп болгон.

Макалада президент Шавкат Мирзёевдин кудасынын баласы Ойбек Умаров футбол боюнча өлкө Суперлигасынын акыркы эки турунда калыстар менен машыктыруучуларга кысым көрсөткөнү айтылган.

Маалыматка караганда, Суперлиганын турнирдик жадыбалында сегизинчи орунда келаткан «Коканд – 1912» клубу 22-майда өз талаасында «Бухарага» 1:2, 26-майда «Кызылкум» командасына 0:1 эсебинде утулуп калган. Бул оюндардын жүрүшүндө Ойбек Умаров калыстар менен машыктыруучуларды кемсинтип, аларга ачык эле кысым көрсөткөнүн окуянун күбөлөрү билдиришкен. Алардын айтымдарында, Умаров «Коканд — 1912» командасынын утулушуна калыстарды айыптаган.

Ойбек Умаров.
Ойбек Умаров.

Профессионалдык футбол лигасынын президентинин кеңешчиси Диёр Имамхаджаев “Азаттыкка” оюн учурундагы маалыматтарды берген кишилерди аныктоо аракети жүрүп жатканын айтты. “Силер тогуз кишинин ысымын жашырып жатасыңар. Силерге бул маалыматтарды ким берди? Кандай жаман ойлору бар экенин биз билбейбиз да”, – деди Имамхаджаев.

Имамхаджаевдин айтымында, оюндардын протоколунда калыстарга кысым болгону тууралуу факт катталган эмес. “Эгер арыз түшпөсө, кимге чара көрүшүбүз керектинин билбейм. Эгер «Коканд – 1912» клубуна чара көрүш керек болсо, сөзүз көрөбүз. Бирок ким эмне кылганын билбейбиз да”, – деп кошумчалады ал.

Атын атагысы келбеген футбол калыстары жетекчиликтин көңүл коштугуна нааразы болушууда.

32 жаштагы Ойбек Умаров – Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласынын бир тууган иниси.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: