Menu

Чүйдөгү түрмөдө үч киши оозун тикти

Бөлүшүү:

Чүй облусундагы №16 абакта үч киши оозун тигип алды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматына караганда, камактагылар колония жетекчилигинин аларды айып камерасына камоо тууралуу чечимине каршылык билдирип жатышат.

– Үч соттолуучу абактын ички тартибин бузган. Буга чейин да бир нече жолу бузган экен. Ошого байланыштуу колония жетекчилигинин чечими менен бир айга айып камерасына камалган. Ошол чечимге каршылык иретинде жана “бизди сабап, кыйнап атат” дешип акыйкатчыга кайрылышыптыр. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келип, алар менен сүйлөшүп кетишкен. Баары мыйзамдуу экенин көзү менен көрүштү. Абакта эреже бузгандар ар кандай убакытка абак камерасына камалып турат, –деди ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

Акыйкатчынын маалыматына караганда, камактагылар акцияны 25-майда баштаган. Соттолгондордун биринин атасы Эмилбек баласы бул түрмөдө отурган бир жылдан бери бир нече жолу сабалганын билдирди:

– Баламды сабашыптыр. Бул биринчи жолку эмес. Үчүнчү ирет ушундай болуп отурат. Эреже бузабы-бузбайбы, уруп-сабаганга укуктары жок да?

Үч кишинин жакындары алар колонияда кыйноого кабылып жатканын айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылышкан. Мекеменин жабык жайлардагы адам укуктарынын сакталышына байкоо салган бөлүмүнүн жетекчиси Алберт Көлөпов 28-майда №16 абакка барып, акция өткөрүп жаткандардын талабын угуп кайткан:

– Айып камагына бир айга камалышкан экен. Буга үчөө нааразылык билдирип, ооздорун зым менен тигип, курсактарын устара менен тилип алышыптыр. “Бизди негизсиз бир айга айып камерасына камап койду” дешти. Абалы начар экенин билдирип, ооруканага чыгарууну талап кылышты. Бирөө колун кесип алыптыр.

Түрмө жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин оозун тиккен үч кишинин айып камагындагы мөөнөтү бир айдан беш күнгө кыскартылган. Мындан улам алар акцияны токтотууга макул болушкан. ​ Түрмөдө оозун тигип, нааразылык билдирген үч кишинин аты-жөнү ачык айтылган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: