Menu

Албек Ибраимовдун босогосун коркунуч сагалап турат

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү Бишкек мэри Албек Ибраимовдун артта калтырган ишмердиги дыкат изилденүүдө. Аз күн мурун «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, 9 миң сомдук көчөттөрдүн чоо-жайы тергеле баштады. Мындан сырткары, шаар ичиндеги сапатсыз курулган өтмөктөр, жолдор, жер чуулганы, ж.б. афералар боюнча иликтөө иштери бүткөн соң, баа бериле турганы каңкууланууда. Дал ушундай жаңжалдын башталышы менен Ибраимовдун кызматтан шыпырыла турганы, анын ордуна чүйлүк салмактуу кадрга токтой албай атышканын ишенимдүү булагыбыз кыйытты. Ошентип, аз күндө Албек дагы аттан ооп түшүп, абалы мышык ыйлай тургандай образда калары болжонууда. Коркунуч босогого кирип келгенин эми сезип атса керек, айла канча? «Өзүң кылган иш – өз башыңа муш» дечү эле.

Акын Бекчороев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: