Menu

Чүй ОИИБ начальниги Сарчаевдин садага чабылышы күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Данияр Абдыкаровдун «шестеркасы» катары айтылып жүргөн Чүй ОИИБнин начальниги Нурлан Сарчаевдин духу түшүп, кызматтан кете турган күнү жакындап калдыбы? Себеби, буга чейин өздүк курам ичиндеги ишбилги кызматкерлерди негизсиз кодулап, жогору жакка жагынуу үчүн ар кандай амалдар менен куугунтуктаганы жалган беле? Эки сөзүнүн бири эле «ДС» деп (ИИМ орун басарын ушинтип тергейт), анын кареги менен тең айланып, өзүнүн көз карашы жок экенин, кадр катары чабалдыгын көрсөткөнүн кантесиң? Баса, буга чейин Сокулук менен Токмоктогу убактылуу кармоочу жайлардан алты кылмышкер качып кетишсе, Жайыл РИИБсинен чырактай кыз бычакталып, ала качма жексурдун колунан ажал тапты! Сарчаевге баары бирби? Эгерде ИИМде тазалануу болсо, чара көрүлөбү? Же адатынча Абдылда Суранчиев баштаган чүйлүк генералдарга жармашып, жансоога суроо менен тырмышабы? Намысы болсо, эркекче эле арызын жазып кетип калбайбы.

Кубат Карачев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: