Menu

Бакыт Төрөбаев: «Сабатсыз соттордун айынан жарандарыбыз жапа чегүүдө»

Бөлүшүү:

Бакыт Эргешович, сотко санкцияга алып келген адамга соттун өкүмүн окуган судья тууралуу айттыңыз. Бул эмнени туюндурат?..

— Бул биздин бүгүнкү сотторубуздун акыбалын жана деңгээлин көрсөтөт. Укук коргоо органдары санкцияга, баш коргоо чарасын аныктоо үчүн алып келишкен адамга судья соттун өкүмүн окуп коюп жатат. Экөө эки башка нерсе да. Бул өтө коркунучтуу жагдай. Мындай билими жок, мыйзамдарды билбеген сабатсыз соттор иштесе биз кайсы жакка барып калабыз? Жарандарыбыз жапа чегүүдө. Башкы прокурорго суроо берүү менен мен бир эле учурда сотторго кайрылуу жасадым, экинчиден, башкы прокуратура соттун өкүмдөрүн, санкцияларын, судьялардын жүрүм-турумдарын да көзөмөлгө алсын (!) деген ойду билдирдим. Анткени, прокуратура мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Биздин көп жарандарыбыз юридикалык жактан сабатсыз, мыйзамдарды билишпейт. Ошол билбегенинин айынан «ишти тезирээк бүтүрүп алайын» деп пара беришет, ошонун негизинде соттолуучу, кылмышкер болуп калып жатышат. Ошон үчүн мен «коңгуроо» жасадым.

– Былтыр 276 адам соттон акталыптыр. Башкы прокурордун пикири боюнча, бул биздеги демократиянын, адам укуктарынын корголушунун бир далили экен. Сиз кандай деп ойлойсуз?

– Анын айтканы деле туура. «Башка республикаларда бирден-экиден гана киши акталат» деп атпайбы. Бирок, 276 адамдын сынган тагдырын, алардын үй-бүлөсү, тууган-уруктары, кайын журту, камакта жаткан адам өзү тарткан азап-тозокторду ким компенсациялап берет? Мен ушул мааниде айттым. Бул цифра, менимче, тергөө амалдарынын сапатынын начардыгын, ыкчам түрдө алынган маалыматгардын туура эмес болгонун айгинелеп турат.

Аттокур Жумаев

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: