Menu

Журналист Аркадий Бабченко тирүү, кол салуу атайын операция болгон

Бөлүшүү:

Киевде журналист Аркадий Бабченконун өмүрүнө кол салуу атайын операция болгону, ал өлтүрүлдү деп кабарлангандан дээрлик бир күндөн кийин айтылды. Анын алкагында журналистти мерт кылууга даярданган деп шектелген киши кармалды. Буюртма үчүн ага 30 миң доллар төлөп беришмек болгону кабарланууда.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму журналисттин өлүмүнүн ойдон чыгарылганына наарызы. Бул жөнүндө уюмдун жетекчиси Кристоф Делуар Твиттердеги баракчасына жазды. Анын айтымында, журналистти пайдаланып, мамлекеттин фактлар менен ойношу – өтө кооптуу.

Christophe Deloire@chrisdeloire

Иштин чоо-жайы түшүндүрүлгөн басма сөз жыйында Украина Коопсуздук кызматынын башчысы Васил Грицак журналистти өлтүрүү боюнча буюртма Орусиядан түшкөнүн жана операцияга 40 миң доллар бөлүнгөнүн айтты. Анын билдиришинче, 10 миң долларды шектүү катары кармалган украиналык ортомчу алган.

Шектүү делген кишини кармоо учурундагы видео:

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва Бабченконун тирүү болуп чыкканына кубанычта экенин, бирок украин бийликтери жалган окуяны “пропаганда” катары жайылтканын белгиледи.

Буга чейин украин полициясы Бабченко 29-май күнү кечинде Киевдеги үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөнү, ал жонуна үч ирет ок тийип, ооруканага алып бара жатышканда тез жардам унаасынын ичинде каза тапканын кабарланган.

Украина президенти Петр Порошенко журналист Аркадий Бабченко жана анын үй-бүлөсүн күнү-түнү кайтарууга тапшырма берди.

Аркадий Бабченко Орусиядан Украинага былтыр кетип, мунун себебин Кремлди сындаганы үчүн коркутууларга кабылып жатканы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: