Menu

Ош губернатору президентти уят кылбайбы?

Бөлүшүү:

Атамбаевдин тушунда жансакчы, шопур, базарчылардын жоопкерчиликтүү кызматтарга дайындалышы көнүмүш адатка айланып калган эле. Алардын кызматтык секириктери өзүнчө кеп деңизчи.

Бирок, айрымдарынын жогорку билими тууралуу дипломунда да мандем бар экени бүгүн ачыкталып отурат. Мисалы, маалымат каражаттары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарыбашевдин билими тууралуу бир нече ирет маселе көтөрүп, бирок чиновник тараптан эч бир реакция болбогону күмөн жаратат. Сарыбашев журналисттерге өзүнүн 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүткөнү тууралуу дипломунун көчүрмөсүн көрсөткөнү кызык. Бирок, ал ошол окуу жайга жогорку диплому бардыгы тууралуу документ тапшырып, дароо 3-курска отурганы тууралуу суроолорубузга жооп бербей качып келатканын кайда катабыз? Макул, Сарыбашев мырза ОшМУга ошол эле шаардагы Ош технологиялык университеттен алган дипломду алып барышы мүмкүн дейли, а эмне үчүн ОшТУга да губернатор мырза 3-курстан отурганын ачыктап, ак
же көк деп жарыя кылып койбойт?

Таалай мырза, «Новосибирск мамлекеттик университетин бүттү» деген диплом тапшырганыңыз чын же калп экенин, ал диплом кандайча сиздин колуңузга келип тийгенин балким коомчулукка айтып койсоңуз болот чыгар? Айтмакчы, өкмөттүн расмий сайтына «Ош технологиялык техникумун бүткөн» деген маалымат берипсиз. Биз билгенден Ошто андай окуу жай болгон эмес. Ош технологиялык колледжин же университетин гана билебиз. Бүтүндөй өкмөткө туура эмес маалымат берип, ошол эле убакта расмий сайтка кайсы окуу жайды бүткөнүңүздү жашырган жалгыз губернатор сиз эле экенсиз. Мунун сыры эмнеде? Сизди президент СооронбайЖээнбековдун кадры катары айтып жүрүшөт. «Президентти уят кылып, сөз тийгизип алам» деп коркпойсузбу? Бирдеме деп ооз ачып коюңузчу, акеси?..

Алакозу Сагындыков

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: