Menu

Бахадыр Сулейманов: Музейди түрктөр жасаса, биздикилер жей албай калышмак

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы улуттук тарых музейин оңдоого оозду ачырган каражаттар сарпталып, бюджеттен бөлүнгөн өтө чоң сумма максатсыз пайдаланылганын иликтеп чыкты. ТЭЦ боюнча чуулгандуу коррупциянын учугу табыла электе, эски бийликтин Чолпон-Атанын ат майданындагы, улуттук тарых музейиндеги оңбогондой коррупциялары чууруп чыгып жатат. Али эшигин ача элек музейдеги мыйзамсыз иштер саналып, бул иш боюнча да тергөө органдары иликтөө ишин баштамай болду.

-Бахадыр Искакович, сиздер, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары тарых музейин реконструкциялоо өтө кымбат бааланып, аны жүргүзгөн компаниялар мыйзамсыз тандалгандыгын айтып чыктыңыздар. Кандай коррупциялык жагдайлар бар экен?

– Кыргызстанда улуттук музей аталган жалгыз чоң имаратыбыз бар. Союз кезинде курулган, 2014-жылы реконструкциялоо иши башталган. Ага мамлекеттин казынасынан 1 миллиард 559 миллион сом бөлүнгөн. Бул өтө чоң сумма. Мына ушул каражат сарамжалсыз, максатсыз пайдаланылган. Реконструкцияга да, ичине эмеректерди, экспонаттарды алуу үчүн да эч кандай тендер жарыяланган эмес. Тендери жок, долбоорлоо-сметалык документациясы жок туруп, музейди кантип реконструкциялоого болсун? Муну башкы прокуратура, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы дароо текшериши керек. Бул жеткен мыйзамсыздык. Өз көзүбүз менен көрдүк, кире беришиндеги «Барсбек» деп аталган инсталляциянын баасы оозду ачырды. Ак түстөгү 58 мамычанын ар бири 600 долларга бааланыптыр. Музейдегилер муну интеллектуалдык эмгек катары сыпаттап, «ал конкуренттик негизде тандалып алынган» дешет. Ыксыз чыгым кылуунун да эби болот да! Эки жыгач ат 14 миң евродон 28 миң еврого, эс алуу тилкесиндеги кофе ичүүчү жайга 224 миң еврого витрина алынган, кадимки эле отургучтардын ар бири 100 миң сом. Музей кызматкерлери 3 миң сомдон маянага иштеп жаткан маалда мынчалык кымбат эмеректер биздин чакан музейге керек беле? Музей өзү курулганда деле мынча каражат кеткен эмес болсо керек. Баарынан мени таңгалдырганы, музейди оңдоодо консультативдик-дизайнерлик кызмат көрсөтүүгө 394 миң евро төлөнгөнү болду. Бул акчалар бюджеттен, мындайча айтканда, элдин чөнтөгүнөн алынды.

– «Музейди баштан-аяк оңдоо ишинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков күнөөлүү» деген бүтүмгө эмнеден улам келдиңиздер?

– Сапар Исаков өзү ар дайым мактанып келген, «менин кураторлугум менен тарых музейи жаңыланып жатат, бул музей өлкөнүн жүзү болот, элдин заманбап, жакшы жашоосу үчүн жасалып жатат мунун баары» деп. Ооба, элдин жакшы жашоосу үчүн ТЭЦ, жолдор, музей да керек. Бирок, элди ойлогон адам уурдабайт го. Дөө-шаа өлкөлөрдөгүдөй «шикарный» музей кылгандын ордуна, биринчи кезекте ошол өлкөдөгүдөй жашоо деңгээлин өстүрүш керек. Сапардын аң-сезими мына бул болду. Бизде жалаң жегендерден артпай, өлкө өнүкпөй жатат. Чолпон-Атадагы ат майдан да 1,5 млрд сомго жасалган, азыркы абалын карагыла. Балыкчы-Корумду жолуна да 1,5 млрд, сомдун тегерегинде акча кетти, али да бүтө элек. 386 миллионго бүттү делген ТЭЦтеги акыбалды көрдүк. Жеп кеткендер качып, кутулуп кетип, карапайым калк азабын тартууда. Бул трагедия!

– Түркиялык ТИКА уюму биздин өкмөт менен меморандум түзүп, музейди түрк тарап гранттын эсебинен оңдоп бермей болушкан экен. Өкмөт эмне үчүн андан баш тартыптыр?

-Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзгөнү чын. Анын алкагында ТИКА музейдин ичи-тышын өз каражатына оңдоп берүүнү мойнуна алган. Бирок, өкмөт музейдин тышкы бети менен айланасы ондолгон соң, ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болуп, бекер каражаттан баш тартышкан. Маселе ушунда турат, коррупция ушул жерде жатат. Түрктөр жасаса, жей албай калышмак. Музейдеги курулуш иштерин жүргүзүүгө СМУ-3 деп аталган жергиликтүү ишкана, ал эми экспонаттар менен толтуруп, мазмундук иштерди аткарууга германиялык REIER аттуу компания тандалган. Кымбат баадагы инсталляцияларды дал ушул компания сатып алган. Албетте, ортодо чоң акчалар желген болушу мүмкүн. Бул жакында иликтенет.

Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: