Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш башталганы – Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери да ынтызарлык менен карашууда. Бир эсе президент Сооронбай Жээнбековдун саясый эрки, демилгеси канчалык деңгээлде ишке ашарын сынагандар арбын. Күч органдары тарабынан «Датка-Кемин», ТЭЦ, тарых музейи ж.б. объектилерден уурдалган миллиондордун учугу кайда кеткени расмий маалымдала элек. Дал ушул жагынан аксап атканыбызды моюнга алалы. Мындай шартта кыраакы Нурсултан Назарбаев кептин баары Алмазбек Атамбаевдин «алкымында» жатканын айтканы ыраспы? Албетте, бул суроо. Бүйүр кызытканы – эл аралык үлкөндөр арасында да Кыргызстандагы акылга сыйбаган коррупциялык иштердин кызыгуу жаратканында болууда. Эгерде Атамбаевдин камакка алынышына Назарбаев кызыкдар болсо, анда Путин менен Мирзиёев кандай ойдо калат болду экен? Ток этери, президенттин эрдиги дүйнөлүк дөө-шааларды таңгалдырабы, же?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ