Menu

ИМ Бельгиядагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алды

Бөлүшүү:

Бельгиянын Льеж шаарындагы кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул тууралуу террорчулардын интернеттеги иштерине байкоо жүргүзгөн SITE ресурсу билдирди.

29-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10-30да Льеж шаарынын борборундагы кафелердин биринин жанынан белгисиз киши бычак менен ошол жерде турган эки полиция кызматкерине кол салган. Ал полициячы айымдардын биринин куралын тартып алып, ошол жерден экөөнү тең атып өлтүргөн. Андан соң өтүп бараткан автоунаанын жүргүнчүсүнө да ок чыгарган.

Коопсуздук күчтөрү шектүүнү атып өлтүрүшкөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттары шектүү 36 жаштагы Бенжаман Эрман Бельгиянын жараны болгонун, ал буга чейин маңзатка байланыштуу эркинен ажыратылып, жакында эле мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын жазышты. Кээ бир күбөлөр болсо ал кол салган маалда “Аллах акбар” деп кыйкырганын укканын айтышууда. Айрымдар шектүү адам абакта отурганда радикалдашып кетүүсү мүмкүн деп жоромолдоп жатышат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: