Menu

Замирбек Аскаров, Нурбек Мурашев, Нурболот Мирзахмедов жана Лунара Мамытовалар “парашют” менен түшкөндөр

Бөлүшүү:

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга мүчө болгон «Бир Бол» фракциясынын өкмөт курамындагы кадрларына көпчүлүктүн ичи чыкпай жаткандай. Бул фракциянын атынан өзгөчө кырдаалдар министри болуп тармакта бир күн иштебеген Нурболот Мирзахмедов менен ырааттуу кадрдык тепкичтерди басып өтпөгөн өкмөттүн вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун бул тармактарга сунушталышына кимдин кандай ою бар? Бул фракциянын өкмөт курамы менен жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарга койгон кадрларынын деңгээлдери коомчулукту канааттандырабы? Дегеле парламенттеги «Бир Бол» фракциясы, андагы эл өкүлдөрүнө элдин пикири кандай? Маселеге эл көзүндөгү аттуу-баштуулар жооп узатышсын.

Акин Токталиев, укук коргоочу:

– Иосиф Сталин «кадрлар баарын чечет» деп айтса, В. Ленин «наступит времена коммунизма, государством будет управлять кухарка» деп айткан. Сталиндин осуятын ишке ашырбай, тескерисинче, Лениндин айтканын экс-президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев, эми жаңы президент Жээнбеков аткарып келе жатышат коммунизм курбай туруп. Ошондуктан, Кыргызстанда эки жолу төңкөрүш болуп кетти, кыргыз элин туура жолго салалбагандыктан, бийликке ичип-жегендер келип жатышып, билим, тажрыйбасына карабай, «пулуң болсо кулуңмун» деп акчага мамлекеттик кызмат сатылып турду. Ушул күнгө чейин сатылып жаткандыгы жалганбы? Нурболот Мирзахмедов тармак башчысы катары өзгөчө кырдаалды түшүнбөсө, анан министрликте коммерция жасаганды жакшы түшүнөбү? Жалгыз эле парламенттеги «Бир Бол» фракциясын айтыш туура эмес. Жогорку Кеңеште 120 депутаттын 90%ы саясый, юридикалык жана экономикалык билимсиздер «чоң базардан» келип, коррупциялык жол менен мандаттарды сатып алып отурушат. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров да мамлекеттик кызматта толук тажрыйбасы жок болуп туруп, Сапар Исаковдун кебетесин кийет. Бийлик кызматка белгилүү, тажрыйбалуу кишилерди неге алып келбейт? Себеби, мамлекетти уурдаганга алар жол бербейт. Мисалы, Сапар Исаков эгер тажрыйбалуу адис болгондо тарых музейине кураторлук кылмак эмес, «ал менин кызматыма дал келбейт, өндүрүштү түшүнгөн киши башкарсын» деп адистерге жүктөп, өзү тынч уктамак, «саясый куугунтук жасап жатат» дебей. Кыргыз элине коррупцияланган партия, депутаттар келбей, бир мандаттуу 45-50 депутаттар келсе жакшы болмок. Парламенттик коалиция деген менин түшүнүгүм боюнча мафиоздордун жана коррупционерлердин уюгу десе болот. Аларды жеңил башкарууга болот, себеби, ар биринин бизнеси бар, баары тең бийликтен коркот, өз оюн айталбайт, айта баштаса, четинен камай башташат, ошондуктан балык депутат болуп отурушат.

Сейтек Байгуттиев, коомдук ишмер:

– Албетте, ушундай кырдаалда өлкөбүз абдан кыйын учурда тургандыктан, өкмөттүн курамында тажрыйбалуу экономист, финансисттердин жоктугу таңгалдырбай койбойт. Мындай көрүнүштү оңдоо керек. «Бир Болго» деле ишеним аз. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга мүчө болгон «Бир Бол» фракциясынын өкмөт курамындагы кадрларына көпчүлүктүн каршылыгы бар. Бул фракциянын атынан өзгөчө кырдаалдар министри болуп тармакта бир күн иштебеген Нурболот Мирзахмедов менен ырааттуу кадрдык тепкичтерди басып өтпөгөн өкмөттөгү вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун бул тармактарга сунушталышына кадр маселесинин тандалышынын өтө чийки болуп жатканы өкүндүрөт. Бул фракциянын өкмөт курамы менен жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарга койгон кадрларынын деңгээлдери коомчулукту канааттандырбайт. Парламенттеги «Бир Бол» фракциясы, андагы эл өкүлдөрү элдин пикирин сурап-билип койсо жакшы болмок. Жакшы адистикке ээ болгон, жаңы, таза, өкмөткө, элге чындап жакшы иштеп бере тургандардан тандашса болот эле го. Эмне үчүн биз улам-улам мусапыр боло беребиз?..

Зайнидин Курманов, экс-спикер:

– Эми шопур деле өлкөнү башкарып жүрбөдүбү? Деңгээлибиз ошондой да. Кыскача пикирим ушундай. Баягы орустардын «краткость сестра таланта» деген кебиндей. Мен булардын баарысын жакшы көрөм.

Амантур Мусагул уулу, «Де-факто» гезитинин башредактору:

– «Бир Бол» фракциясынын абийирин жаап турган 2-3 депутат бар. Алар: Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаев жана Улугбек Ормонов. Булардан башкасын мыкты катары айта албайм. Аталган фракциянын кадрдык жүрүшүн айтканга чейин «Бир Бол» фракциясынын депутаттарын тизмектеп көрбөйлүбү? Жалаң көпөстөр: Исхак Пирматов, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Кубанычбек Жумалиев, Алмасбек Акматов, Игорь Чудинов деген сыяктуулар. Жогорку Кеңеште «Бир Бол» фракциясынан 10 депутат отурса, анын 8и Кудайдан жөө качкан «калтасы калыңдар». Ушул аты аталгандар өмүр бою аткаруу бийлигинде иштеп байыгандар, жалаң айлыкка жашагандар. Элдин ырыскысын эсепсиз кемиргендер да, туурабы? Анан ушулар мыкты кадр тандамак беле? Карап көрсөк, «Бир Бол» фракциясынын квотасы менен аткаруу бийлигинин башында жүргөндөр Замирбек Аскаров, Нурбек Мурашев, Лунара Мамытова жана кечээ жакында ӨКМ министри болуп келген Нурболот Мирзахмедовдор асмандан жетекчи болуп «парашют» менен түшкөндөр. Башкасын айтпаганда дагы ӨКМ министрлигине баардык тепкичтерди басып өткөн адам келиши керек эле. Ал эми Мирзахмедов ырааттуу тепкичти басып өтмөк түгүл, жаңы дайындалганда ӨКМ министрлиги отурган имараттын дарегин билбей «МЧС каякта отурчу эле?» деп сураштырыптыр. Анан эми ушулар жыргатабы? «Эшегине жараша тушагы» деген ушу.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: