Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-майда «Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев менен жолукту. Бул тууралуу Өзбекстан мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тынчтык максатта атом энергиясын пайдалануу, анын ичинде АЭС куруу долбоорун, бул багытта улуттук кадрларды даярдоо, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу жана каржылоо иштери үчүн жооптуу боло турган улуттук компания түзүү маселелерин талкуулашты», – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Орусиялык компаниянын өкүлдөрү атомдук электрстанция курууда Өзбекстанга стратегиялык өнөктөш болууга даяр экендиктерин дагы бир жолу ырасташты.
Андан тышкары Шавкат Мирзиёев менен Алексей Лихачевдун жолугушуусу маалында Өзбекстандагы алгачкы атомдук электрстанциясынын Навои облусунун аймагына курула турганы белгилүү болду.
«Президент менен премьер станция Навои облусундагы аянтка куруларын айтышты. Биз бүгүн-эртең чыгып, маалымат топтой баштайбыз. Долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдаштык. Кыскача айтсам, бул эки тараптын ролу так аныкталган IPC-келишим эмес. Биз АЭСти бирге, өзүбүзгө кургандай курабыз», — деди Лихачев Мирзиёев менен жолуккандан кийин.
Бүгүнкү күнгө карата эки жумуш тобу түзүлдү. Алар Өзбекстанда АЭС куруу долбоорун иштеп чыгышууда.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ