Menu

Надира Нарматова: «Тойбостордун ичи качан жарылат болду экен?»

Бөлүшүү:

– Азыркы бийлик коррупция менен күрөшөбүз деген ураан менен иш баштап атышат. Сиз кандай жыйынтык күтүп атасыз?

– Акыркы 10-15 жылдан бери ар бир тармакта коррупциялык схемалар системалуу түрдө иштеп келди. Кайсы тармактар өтө көп коррупциялык иштерди аткарып келишкени да белгилүү. Мен депутат болуп жүргөндө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар өз багытында пайдаланылбай, өтө чоң катачылыктарга жол берилгенин далай ирет айтып чыккам. Биздин өлкөдө «коррупция» деген сөз күнүмдүк мамиле катары калыптанып калбадыбы. Ар бир иштин чеги болот. Кылмышкерлер аныкталып, ачыкка чыгыш керек эле. «Ушу тойбостордун ичи качан жарылат болду экен?» деп күтүп эле жүргөм. Буга чейинки бийлик коррупция менен күрөштү, саясый атаандаштарын сындыруу менен алмаштырып келишкен. Эми азыркы бийлик аракеттерди көрүп атат, жыйынтыгы кандай болорун айтыш азыр эрте. Президент өзү коррупцияга аралашпаган, Кудайдан корккон таза адам. Ишти кандай алып кетет, аны убакыт көрсөтөт.

– Ири коррупциялык иштерге эң негизги болуп Сапар Исаковдун эле аты аталып атат го?

– Баса калып эле Сапар Исаковдун атын этап, башкасы айтылбай атпайбы. Бир эле Сапар Исаков эмес. Анын астында тургандар бар, үстүндө тургандар бар. Сапар Исаков чындап күнөөлүү болгон болсо, «алды алдынан тал карма» дегендей, далай кишинин атын атап чыгат. Бул бала Максим Бакиевдин жанында жүрүп, бийликтеги коррупциялык схеманын «секреттерин» билип алып, кийинки бийликте ишке ашырдыбы? Негизи Кыргызстанда 200дөн 300гө чейин коррупцияга аралашкан адамдар бар. Булар бири-бирин кызматка коюп эле шакектей тегеренип келе жатышат. Сапардын кулагын көрсөтүп коюп, «коррупция менен күрөшүп атабыз» деген болбогон кеп. «Коррупция» деп козголгон иштер кайра эле коррупциялык жолдор менен жабылып келе жатат. Чындап күрөшүү үчүн азыркы бийликке тоодой эрк керек.

Асел Нарынбаева

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: