Menu

Орусиядагы мектепте окуучулар түшкү тамакты 36% үстөк менен сатып алып турушкан

Бөлүшүү:

Омск шаарындагы №8 мектепте окуучулар түшкү тамак үчүн жылдык 36% үстөк менен «Авангард» банкынын насыя картасы аркылуу гана акча төлөй алышкан. Ата-энеси банк менен келишим түзбөгөн окуучулар (жалпы окуучулардын 40%) мектеп ашканасынан тамак-аш сатып алуу укугунан ажырашкан. Бул тууралуу жергиликтүү прокуратура текшерүү иштеринин жыйынтыктарына таянып билдирди.

Төлөм жүргүзүүнүн мындай формасы жалпы мектептин ата-энелер чогулушунда кабыл алынып, быйыл 1-апрелден тарта иштей баштаган.

«Ата-эненин картасында акча жок болуп калган учурларда банк баланын тамактангандыгы үчүн кеткен акчага кошуп жылдык 36% үстөк алып келген. Бирок банк картасын алуудагы арыздарда мындай шарттар каралган эмес», — деп билдиришти прокуратурадан.

Мекеменин маалыматына караганда, бул макулдашуу келишим эркиндигинин принциптерин бузган. Анткени ата-энелерди банк менен келишим түзүүгө мажбурлашып, баш тарткандарынын балдары мектеп ашканасында тамак ичүү укугунан ажыраган. Ошондой эле окуучулар тамак үчүн башка жол менен акча төлөө мүмкүндүгүнө ээ болбогондуктан, төлөм жүргүзүүнүн бул формасы билим берүү тууралуу мыйзамды дагы бузган.

Омск прокуратурасы текшерүүнүн жыйынтыктарын Орусиянын Борбордук банкына жөнөттү. Андан тышкары мектеп дирекциясын мыйзам бузууларды жоюуга милдеттендирген атайын сунуштама жөнөтүлдү.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: