Menu

Дамир Сагынбаев: “Эгер Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен болсо, чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн да айып тагылат”

Бөлүшүү:

Парламент депутаты Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен эмес. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматы Шадиевдин өлкө сыртына чыкпаганын расмий ырастады. «Эгер ал Кыргызстандан чыгып кеткен болсо, анда ага чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кошумча айып тагылат», — деди Сагынбаев.

«Анын мүлкү камакта кала берет. Биз анын ишмердүүлүн жаппайбыз, ал киреше алып келүүсүн улантышы керек. Эгер Шадиевдин күнөөсү далилденсе, анын мүлкү мамлекетке өтүп, өлкөгө киреше алып келүү үчүн иштейт», — деди Коопсуздук кеңештин катчысы.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган.

Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган.

Мурдагы энергетика министри, экс-биринчи-вице-премьер-министр, азыркы депутат Аскарбек Шадиев февраль айынан бери эле күбө катары сурак берип жүргөн. Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге 28-апрелде кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында анын жардамчысы Шадиев дарыланыш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: