Menu

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өлкөдөгү коррупция менен күрөштүн жүрүшү жөнүндө айтып берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 31-майда 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимин ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы чаралар жөнүндө жана ошондой эле коомдук талкуу жараткан коррупциялык багыттагы кылмыш иштери боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Дамир Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечиминин алкагында ишке ашырылып жаткан айрым иш-чараларга токтолду.

«Кылмыш-укуктук статистиканы жүргүзүүнүн маанилүү компоненттеринин бири Кылмыштардын бирдиктүү реестрин киргизүү болот, бул чара жөнөкөй жарандар үчүн жасалган кылмыштарды каттоо фактысынан баштап, соттун чечими чыкканга чейинки тергөөнүн жүрүшүн түз байкап турууга жол берет. Бул укук коргоо жана сот органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин ачыктыгын жогорулатып, натыйжада коррупциялык көрүнүштөрдү кыйла кыскартат», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Ал кылмыштарды каттоо жана кылмыш-укуктук статистиканы жүргүзүү милдети ИИМден Башкы прокуратурага толугу менен өткөрүлүп берилгенин белгиледи.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы 2018-жылдын 1-июлунан баштап тиешелүү мамлекеттик органдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, жогорку саясий жана башкы администрациялык кызматтарды ээлеген кызмат адамдарынын салык декларацияларын текшере баштай турганын айтты.

«Кылмыш-жаза кодекси менен кызмат адамдары тарабынан кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу жана мыйзамсыз байыгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Чиновниктердин кирешелерине караганда чыгашалары кыйла ашып түшсө, бул адамдарга карата материалдар прокуратура органдарына алардын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн жиберилет», — деп эскертти  Дамир Сагынбаев.

Ошондой эле ал кызматтык жана мамлекеттик менчикти уурдоого байланыштуу экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча кыскартылган жана токтотулган  кылмыш иштерин ивентартизациялоо жөнүндө да айтып берди.

Азыркы кезде прокуратура кызматкерлеринен турган жумушчу тобу 2211 токтотулган жана 485 кыскартылган кылмыш иштерин изилдеп чыкты. Анын жыйынтыгы боюнча 420 көрсөтмө берилди, 410 тергөөнү токтото туруу жөнүндө токтомдор жана 41 кылмыш иштери боюнча иликтөөнү жабуу жөнүндө токтомдор жокко чыгарылды.

Укук коргоо органдарынын тергөө бөлүктөрүнүн 6 кызматкери тартип жоопкерчилигине тартылды, улуттук коопсуздук органдарынын эки тергөөчүсүнө карата шалаакылык жана кызматтык будамайлоо фактылары боюнча кылмыш иштери козголду.

Андан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коомдук резонансты пайда кылган кылмыш иштерине — Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоо, Тарых музейин реконструкциялоо, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Ысык-Көл районундагы Ат майданын куруу боюнча жана башка кылмыш иштерине да токтолду.

Бул темаларга кызыккан журналисттер мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата козголгон кылмыш иши, «Дастан» ТУКсы боюнча кылмыш иши тууралуу, экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу жөнүндө депутаттардын демилгеси боюнча суроолорду беришти.

Сөзүн жыйынтыктап, Дамир Сагынбаев азыр укук коргоо органдары тигил же бул чиновниктин артынан сая түшүп куугунтуктабай турганын, ал эми көптөгөн коррупция фактылары жана кызматтык кылмыштар боюнча кылмыш иштеринин козголуп, жогорку кызматты ээлеген чиновниктердин кармалып жатышы айрым мамлекеттик органдардын коорупцияланышынын жогорку деңгээлинин түздөн-түз натыйжасы болуп саналаарын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: