Жалал-Абад шаарынын 200дөн ашуун социалдык жардам алуучу жаш наристелери үчүн майрамдык оюн-зоок уюштурулду.
Бүгүн 31-майда, Жеңиш эс алуу багында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жалал-Абад шаарында социалдык жактан колдоого алынган жаш балдарга майрамдык иш-чара уюштурулду. Мында шаардагы аймактык башкаруулар өздөрүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле “Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун”, “Ак жол” реаблитациялык борборунун балдары келип, жалпысынан 200дөн ашуун балдарга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Алгач парктагы атракциондорго эки жолку акысыз түшүү жана “Байчечекей” балмуздагы үчүн ар бир балага билеттер таркатылды. Жаш балдар алган билеттери менен өздөрү каалаган атрракциондо ойношту. Андан сырткары, келген балдарга “Багери” шириндиктери жана “Байчечекей” балмуздагы дагы таркатылды. Мындай кам көрүүгө жеткинчектер аябай кубанышты.
-Бүгүн аябай жыргадык, мага жакты. Мындай майрамдар дагы көп-көп уюштурулса жакшы болмок. Кыргызстандагы бардык досторубузду майрамы менен куттуктайм. Мени алып келген эжекелериме рахмат айтам, – дейт Курманбек Асаналиев.
Белгилей кетсек, майрамдык оюн-зоок шаардык мэрия тарабынан уюштурулган. Ал эми шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитети эс алуу багындагы аттракцион ээлери менен сүйлөшүп, акысыз ойноону уюштуруп беришкен.
Кошумчалай кетсек, ушундай эле майрамдык иш-чара Жалал-Абад шаарындагы борбордук Токтогул эс алуу багында да болуп өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ