«Кыргызтелеком», Megacom сындуу мамлекеттик компаниялардын жетекчилери өдөрүнө өтө чоӊ айлык акыларды коюп алышкан. Мисалы, «Кыргызтелекомдун» жетекчиси 100 миӊ сом маяна алат экен, ал эми Megacom компаниясынын жетекчиси өзүнө 700 миӊ сом айлык коюп алыптыр”, – деп билдирди бүгүн, 31-майда парламенттин отурумунда депутат Акылбек Жамангулов.
“Ошол эле учурда, өз өмүрүн илимге арнаган окумуштуу академиктерибиздин эмгек акысы 10-15 миӊден ашпайт. Ал эми мугалимдердики 5-8 миңдин айланасында. Ушу кантип болсун! Калыстык кайда?», – деди Акылбек Жамагулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ