Menu

БУУ Кыргызстандагы кыз ала качууга каршы билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымат каражаттарында чагылдырылган ала качууга дуушар болгон кызды өлтүрүү боюнча кылмышка байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

«Акыркы ачык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда турмушка чыгууда 24 жашка жете элек кыздардын 13,8 пайызы мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болгон. Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму бул мыйзамсыз иш-аракеттерди түп-тамыры менен жок кылууну өкмөт менен 2022-жылга чейин коюлган келишимдерге ылайык негизги багыттардын бири катары колдоого бекем турат», – деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандагы БУУ агенттиктери өлкөнүн тийиштүү органдарын бул сыяктуу көрүнүштөргө жол бербеш үчүн өлкө мыйзамдарына жана кол койгон эл аралык келишимдерге ылайык бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: