Menu

Данияда коомдук жайларда никаб менен бурка кийүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Даниянын парламенти коомдук жайларда адамдын жүзүн жапкан баш кийимдерди, анын ичинде паранжынын түрлөрү саналган никаб менен бурканы кийүүгө тыюу салды. Ошол эле маалда бул тыюу мыйзамда каралган, мисалы мотоцикл айдоочуларынын атайын баш кийимине тиешелүү болбойт.

1-августтан тарта күчүнө кире турган бул мыйзамды бузгандар 160 доллардай айыпка жыгылат. Талапты экинчи ирет бузгандарга айыппул 10 эсе жогорулашы мүмкүн.Мыйзам Даниянын жашоочуларына гана эмес, өлкөгө келген туристтерге да тиешелүү болот.

Даниянын The Local басылмасы билдиргендей, полиция жүзүн жаап жүргөндөрдүн кийимин зордоп чечтирбейт. Аларды үйүнө кетүүнү эскертет. Ал эми үйү алыс кыз-келиндер полиция бөлүмүнө жеткирилет. Ал жерден туугандары алып кетет.

Amnesty International бул мыйзам мусулман аялдардын укуктарын бузат деп, аны сынга алды. The Local гезитинин маалыматы боюнча мыйзам жүзүн толук жаап жүргөн өлкөдөгү 150-200 мусулман кыз-келинге тиешелүү болушу мүмкүн. Өз кезегинде бийликжаңы мыйзам хижаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө тыюу салбай турганын билдирүүдө.

Буга чейин БолгарияАвстрияБельгияФранция, ошондой эле Швейцарияменен Испаниянын жана Канаданын Квабек провинциясында жүздү жапкан кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: