Menu

Бабченкону «өлтүрүүгө» аракет кылган деп шектелген адам камалды

Бөлүшүү:

Киевдин Шевченков соту журналист Аркадий Бабченкого кол салууга даярдык көргөн деп шектелген Борис Германды 60 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Ал соттун бул чечими боюнча 5 сутка ичинде даттана алат.

Герман террористтик акты даярдаган деп айыпталууда. Соттолуучунун өзү бул айыптоо менен макул эмес. Сотто Борис Герман Украинада бийликти алмаштырууга багытталган Орусиянын аракеттерин аныктоо боюнча ички чалгындоо кызматы менен кызматташып жатканын билдирди. Азырынча бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн болбой жатат.

Герман «Бабченкого буйрутма берүүгө» Москвадан келген Вячеслав Пивоваркинди айыптады. Анын айтымында, Орусиянын атайын кызматы менен байланышы бар украин жараны Пивоваркин кол салуу үчүн ага 30 кишинин тизмесин берген. Герман алардын аты-жөнүн Украинанын атайын кызмат өкүлдөрүнө бергенин айтты.

Бабченкого кол салуу иши боюнча ошондой эле Донбасстагы согуштук аракеттерге катышкан Алексей Цымбалюк дагы айыпталууда. Ал өзүн журналистти өлтүрүү үчүн Германдан акча алган аткаруучу деп атады. Алгач Украинанын Коопсуздук кызматы анын бул ишке тиешеси бар экенин четке каккан, бирок сот отурумунда прокурор Цымбалюктун жеке маалыматтарын окуп берди.

«Свабода» радиосунун украин кызматынын маалыматына караганда, Борис Герман киевдик ишкер. Ал бир нече фирмага ээлик кылат. Алардын арасында курал-жарак өндүрүү менен алектенген «Шмейсер» деп аталган немис-украин биргелешкен ишканасы бар. 2006-2012-жылдар аралыгында Герман Михаил Гончаров жана Игорь Плохой деген депутаттардын жардамчысы болгон.

29-майда Украинанын Коопсуздук кызматы журналист Аркадий Бабченко Киевдеги үйүнүн кире беришинде өлтүрүлгөнүн билдирген. Бирок эртеси анын тирүү экени брифинг маалында жарыяланып, Бабченконун өлүмү атайын кызматтын операциясынын алкагында уюштурулган иш болгону айтылган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: