Menu

Экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча Исхак Масалиев менен Курманбек Зулушевдин мыйзам долбоорунун тексти жана негиздемеси

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна маалымкат-негиздеме

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

2010-жылдын 27-июнундагы жалпы элдик референдумунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик түзүлүштүн формасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин укуктук статусун гана принципиалдуу түрдө өзгөртпөстөн, 3, 5-беренелеринде түпкүлүктүү укуктук принциптерден болуп саналган мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгын жана алардын өз ыйгарым укуктарын элдин гана кызыкчылыгы үчүн жүзөгө ашыруусун, ошондой эле укукка сыйбаган аракеттери үчүн бардык кызмат адамдарынын милдеттүү түрдөгү жоопкерчилигин аныктоо менен бардык мамлекеттик бийлик органдарына жаңы, кыйла жогорку талаптарды белгиледи. Ушул мыйзамдардын бүткүл топтомун ырааттуу түрдө трансформациялоону талап кылган жаңы принцип азыркы учурда жаңы мыйзамды кабыл алууда жана мурда кабыл алынгандарына, бирок мыйзам жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар катары колдонуусун улантып жаткандарга түзөтүүлөрдү киргизүүдө акырындык менен жүзөгө ашырылууда. Бирок бул процесс аяктай элек, анткени мыйзамдык материалдардын көлөмүнүн чоңдугунан улам жана укук жаратуунун кечиктирилгис жана актуалдуу милдеттерин чечүүгө Жогорку Кеңештин алектенип жаткандыгынан улам мыйзам чыгаруучунун көз кырынан сырткары калып жаткан нормалар али бар. Мунун катарына 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусуна арналган 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси кирет, бул норма бүгүнкү учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын нормаларына карама-каршы келет.

Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Мамлекет башчысынын кол тийгистигинин деңгээли төмөндөтүлгөн жана Конституцияда анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө норма жок. Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат:

-Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда Кыргыз Республикасынын Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын нормалары чагылдырылды, Мыйзамдын 12-беренесинде Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата да ушундай норма киргизилүүдө;

– аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;

-8-беренде Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда;

-13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө норма алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата айтыптоочу өкүм күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат;

-экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр боюу кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;

-Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-Президенттин өзүнө жүктөлөт.

Ошентип, колдонуудагы Конституциянын 3, 5, 16, 67, 69, 72 жана 94-бренелерин системалуу түрдө чечмелөө, башкача айтканда, жалпы тарыхый-укуктук конструкциянын айдыңынан алганда, бул нормаларды юридикалык өз ара байланышта жана өз ара көз карандуулукта чечмелей келсек 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде каралган экс-президенттин абсолюттук кол тийгистиги укуктук жоболордун мааниси сыяктуу эле, ошондой эле Конституцияда белгиленген кандай гана кызмат адамы болбосун кол тийгистиктин жол берилген конституциялык чектерине тикеден-тике карама-каршы келип турат. Демек, 2010-жылдын 27-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде жана 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине жараша “ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат” деген жобого ылайык 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келгендигинен улам 2010-жылдын 27-июнунан тартып колдонууга жатпайт. Ушуга байланыштуу 2003-жылдын 18-июнундагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин убактысы боюнча колдонуу чектерин белгиленген берене мыйзам долбооруна киргизилген.

Ошону менен бирге бул беренени аталган Мыйзамдын текстинен алып салуунун жана экс-президенттин иммунитетин толук түрдө алып таштоонун зарылдыгы жок. Анткени экс-президенттин мамлекеттик сырларды жана өзгөчө маанилүү маалыматтарды алып жүрүүчү болуп саналат. Ошондой эле Президент болуп турган учурда ал өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө айрым адамдардын жана топтордун терс реакциясын жана кесепеттерин жараткан чечимдерди кабыл алып, актыларды чыгарышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу экс-президентти укукка сыйбаган ар кандай максаттагы артынан түзүүдөн коргоого тийиш.

Ушуга байланыштуу экс-президентке Жогорку Кеңештин депутатынын кол тийбестигине ылайык келген кол тийбестикти жайылтуу сунуш кылынат.

2003-жылдын 18-июлундагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна сунуш кылынга түзөтүүлөрдү киргизүү аны андан ары жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Ушул максаттар үчүн иштеп чыгуучулар сунуш кылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140 жана 141-беренелерин “экс-президент” деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылат.

Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет. Ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ушул мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес жана реглятивдүү таасир этүүнү талдоону жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары:  К. Зулушев, И. Масалиев

***

долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди жана алардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоонун түрлөрү менен жолдорун белгилейт жана мамлекет башчысынын ишмердигин камсыз кылууга багытталган.”;

2) 1-статьясындагы “, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, адамдын жана жарандык укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили” деген сөздөр алып салынсын;

3) 3-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийгистиги

Кыргыз Республикасынын Президенти, ал кызмат ордунан четтетилген учурду кошпогондо, кол тийгис укугуна ээ. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийгистигине кол салуучу чараларды көрүүгө же аракет жасоого укуксуз.

Кыргыз Республикасынын Президенти, ал кызмат ордунан четтетилген учурду кошпогондо, ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийгистиги ал ээлеген турак жайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти, ал кызмат ордунан четтетилгенден кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Кыргыз Республикасынын Президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгондугу жөнүндө корутундусу менен тастыкталган кылмышты жасагандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган күнөөнүн негизинде гана кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.”.

4) 5-статьяда:

а) 1-бөлүктүн 1-пукнтундагы “мыйзамдарга ылайык белгиленүүчү” деген сөздөр алып салынсын;

б) төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“Ушул Мыйзамдын максаттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичине жубайы жана жашы жете электер балдары кирет.”;

5) 6-статьяда:

а) 3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн ушул Мыйзамда каралган турак жай, транспорттук, медициналык, санаторийлик-курорттук жана башка тейлөөлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигин камсыз кылууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.”;

б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 8-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“8-статья. Кыргыз Республикасынын Президенттинин өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу

Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен милдеттүү камсыздандырылууга жатат.”;

7) 11-статьянын 1-бөлүгүндөгү “51” деген сан “67” деген сан менен алмаштырылсын;

8) 12-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентин жоопкерчиликке тартуу

Кыргыз Республикасынын экс-президентин жазык жоопкерчилигине тартуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет. Кыргыз Республикасынын экс-президентине тагылган жосундардын шарттарын алдын ала изилдөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт, ал өз ишин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат”;

9) 133-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“13-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин укуктук, социалдык жана башка кепилдиктери

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралардын толук көлөмүндө өмүр боюу мамлекеттик кайтарууда болот.

Кыргыз Республикасынын экс-президентинде Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ага берилген акысыз медициналык тейлөөнүн көлөмүндө укук сакталат.

Экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул статьяда каралган бардык кепилдиктер токтотулат.”;

10) 17-статьянын 2-бөлүгү жана 18-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 140-беренеде:

а) берененин аталышы жана 1-бөлүгү “депутатты” деген сөздөн кийин “, экс-президентти” деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы “депутатты” деген сөздөн кийин “экс-президентти” деген сөздөр менен толукталсын;

в) 6-бөлүктө:

“Жогорку Кеңештин депутатын” деген сөздөрдөн кийин “, экс-президентти”;

“депутатка” деген сөздөн кийин “экс-президентке” деген сөздөр менен толукталсын;

2) 141-берененин аталышы “Депутатты” деген сөздөн кийин “, экс-президентти” деген сөздөр менен, тексти “депутатка” деген сөздөн кийин “, экс-президентке” деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене. 2010-жылдын 27-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине жана 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келгендиктен 2010-жылдын 27-июнунан тартып колдонууга жатпайт.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: