Menu

Төлөнбек Абдыров: Кыргызстанга контрабанда жолу менен 30% күйүүчү май ташылууда

Бөлүшүү:

Кыргызстан. менен Тажикстандын күйүүчү майлар базарында оор жагдай күтүлгөнү турат. Казакстан Орусиядан ташылып келүүчү күйүүчү майды токтотуу чечимин кабыл алышууда. Казакстандын энергетика министри темир жол аркылуу күйуүчү майды ташууга тыюу салууда. Бул чечимдин арты менен биздин өлкөдө кымбатчылык жаралышы толук мүмкүн. Бул абал тууралуу экономика илиминин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров агайга кайрылдык.

– Казакстан Орусиядан күйүүчү май ташууну токтотуп жатат. Мунун биздин экономикага тийгизген таасири кандай болот?

– Бүгүнкү күндө Орусияда акциздер көтөрүлүп, ошонун негизинде бензинге болгон баа көтөрүлүп жаткан кези. Ошондуктан, бизге дагы келе турган бензин кымбат баа менен ташылып жатат. Андан тышкары, Казакстандын рыногун карап көрсөк, импорттон баш тартып, өздөрүнүн нефтилери, күйүүчү майлары менен ички рыногун камсыз кылып жаткан кездери. Бизди көздөй ташылган күйүүчү майларын булар дагы расмий түрдө токтотуп жатат. Бирок Казакстандан бизге бензин ж.б. күйүүчү майлар контрабандалык жол менен көп ташылууда. Аткезчилик жол менен келген күйүүчү майдын сапаты өтө төмөн, начар бензиндер биздин күйүүчү май куюучу жайларыбызды ээлеп алган. Орусиянын «Газпромунан» келген күйүүчү майлардын стандарттары жогору. Унаага да регламенттери ылайыкталган бензин. Биз дагы 2018-жылдан тарта ошондой стандарттарды киргизмекпиз. Бирок, биздикин түрдүү шылтоолор менен 2019-жылга чейин созуп коюшту. Созгону менен экологияны түшүнүксүз ташылып келип жаткан күйүүчү майлар жайлап жатат. Ошонун негизинде стандарттар боюнча дагы көп суроолор жаралууда. Контрабанда аракети менен келип жаткан күйүүчү майлардын саны өлкө боюнча 30%дан жогорураак болууда. Бул деген сертификаты жок, кайсы жерден иштелгенинин баары белгисиз. Контрабанда жолун биздикилер жакшы өздөштүргөндүктөн, ушундай көйгөйлөр жаралып жатат. Орусиянын «Газпромунун» сөзүнө карасак, күйүүчү майларды, нефтини алып келип, биздеги заводдорду камсыздап, иштетебиз деген пландары бар.

Жамиля Нурманбетова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: