Menu

Эркин Булекбаев: Коррупцияга каршы күрөштү бажычы Нурбек Айбашовдун кошуналарынан баштоо керек.

Бөлүшүү:

-Учурда бир топ ири коррупциялык иштердин бети ачыла баштагансыды. Андагы айыптуулар мыйзам алдында жоопко тартылаарына ишенесизби?

– Ишеним анчалык күчтүү эмес. Саясий жактан жоопко тартылбай буйтап кетүүлөрү толук мүмкүн. Темир жол бажысынын мурдагы башчысы Айбашовдун үйүн көрсөтүшпөдүбү, ошондо карасаңар, анын үйүнүн жан-жагында толтура хан-сарайлар салынган. Алардын дээрлик баары коррупционерлерге таандык. Коррупцияга каршы күрөшүүнү так ошол Айбашовдун кошуналарынан баштоо керек. Баарына декларация толтуртуш зарыл, анча каражатты кайдан алышканын ачык айтып беришсин. Айлыкка жашаган адам кайдан кабаттап үй салат? Эч ким салык төлөбөйт, “эптегени эки жейт”- бул система болуп калды. Мамлекеттин казынасына колун салгандарга катаал чара көрүү керек, антпесе эч ким жоопко тартылбайт. Жоопкерчилик жок болгондон кийин талап-тоноону жоюу кыйын. Баары эле эркиндикте жүрөт, 9 мин сомго көчөт сатып алышат, көчөт эгебиз деп бак-дарактарды кыйышат, шаардагы кислородду азайтып, өздөрүнүн алган гранттарын аш кылуунун камылгасын көрүшөт. Булардын тизгинин тарттырууга катаал мыйзамдын гана күчү жетет.

– Жоопко тартылышпаса, анда эмнеге бул кылмыш иштери коомчулукка жарыяланып жатат?

– Шоу. Мурда да ушундай шоулар болуп турган. Кимиси кусту? Дагы деле ошондогу жеп-ичкендер эркиндикте жүрүшөт, эч нерсе болбогондой. Финполицияны жетектеп турганымда мамлекетке зыян келтиргендерден миллиондогон суммалар казынага кайтарылган. Коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгы ушул казынага акча кайтарылышы керек. Кайтарылбаса, ал күрөш эмес, жөн эле шоу.

– Президент да коррупциялык иштердин бетинин ачылышынан түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылганын жарыялады…

– Эми көрөбүз, президент айтканын аткарганын, же аткарбаганын. Бийликке келгенине аз эле убакыт болду, дагы күтүп турабыз. Азырынча эсеп ачылганы менен ага бир да тыйын түшө элек, же балким мен укпай калдымбы…

– Дагы кайсы объектилерде ушул сыяктуу ири коррупциялык схема иштеп жатат деп ойлойсуз?

– Коррупция бардык жерде бар. “Кумтөрдөн” башталып бардык кен чыгуучу жайларда, социалдык мекемелерде, билим берүүчү жайларда деги койчу кадам сайын коррупция. Чегине келип жетти, мындан ары да көз жумуп жашай берүүгө мүмкүн эмес, же биз коррупцияны жеңишибиз керек, же ал бизди жеңет.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: