Menu

Рита Карасартова, укук коргоочу: Коррупция тараканга окшош, караңгы жерде жайнап чыгып, жарык күйсө заматта качып жок болгон

Бөлүшүү:

-Рита эже, Сооронбай Жээнбеков президенттик такка отургандан бери коррупция менен күрөш ченебей жүрүп жаткандай таасир калып, элдин эсебинен байыгандардын мүлкү камакка алына баштады. Сиздин баамыңызда, коррупция менен күрөш аягына чыгабы же ара жолдо калабы?

– Негизи коррупция камакка алуу менен гана чечилбейт. Эң биринчи бул маселе менен ким жана кантип күрөшүп жатканы маанилүү. УКМКнын курамындагы АКС “коррупция менен күрөшүп жатат” дей турган болсок, анда жаңылышабыз. Себеби, бул орган биринчиден конституциялык орган эмес. Атамбаев укугунан пайдаланып гана түзүп койгон органы. Ошон үчүн коомчулукта мыйзамсыз орган коррупция менен күрөшөбү же мыйзамдуу орган күрөшөбү деген маселе жаралып жатат. Баса, негизи УКМК жабык орган. Жабык орган коррупция менен эч качан күрөшө албайт. Коррупцияны ачык айкындуулук гана жеңе алат. Ошондуктан, коррупция менен ачык-айкын күрөшсөк гана жылыш болот. Камаган менен маселе чечилбейт.

– Эмне үчүн камакка алса маселе чечилбейт? Камоо да коррупция менен күрөшүүнүн бир жолу го…

– Эгер президент менен премьер-министр кыска мөөнөттүн ичинде коррупция менен чынында күрөшкөнгө даярдыгын көрсөткүсү келсе, анда эки ишти ыкчам жасашы керек. Биринчиси, УКМКны реформалап, АКСти башка өз алдынча органга чыгарып, кызматтык кылмыштарды УКМКга тергетпей андан тергөөнү алып салышы керек. Экинчиси, С.Исаковдон эле мурун башталган электрондук өкмөттү “Сапардын убагында башталган” деп жээрибей аны эксперттер менен бирге ишке ашырышы зарыл. Биз ошондо гана коррупция менен системдүү түрдө күрөшөбүз. Ошондо гана “коррупция жоюла баштады” деп айта алабыз.

– Президент Сооронбай Жээнбеков балким коррупция менен күрөштү Малайзиянын президенти жасагандай жол менен ишке ашырып, коррупционерлердин мүлкүнө арест койдуруп, бар байлыгын мамлекетке алганы жаткандыр?

– Негизи азыркы күндө кылмыш ишин козгомуш болуп жатат. Бирок, бул жетишсиз. Жогоруда айткандай коррупция менен күрөшүүдө чыныгы коррупция менен күрөшө турган органды аныктап алып, анан гана кандай жол менен күрөшүүнү тандашы керек.

Анткени, коррупция тараканга окшош. Караңгы жерде жайнап чыгып, жарык күйсө заматта качып жок болгон. Мен ошон үчүн коррупция менен күрөш ачык айкын болушу керек деп жатам. Анткени, ачык-айкындуулук болгон жерде коррупция тыйыла баштайт. Баары ачык-айкын боло баштаганда миллиондорду сугунуп жаткандар тизгинин тартып калат. Ошондуктан, жогоруда сөз кылгандай УКМКдан коррупция менен күрөштү алып, өзүнчө органды, башкача айтканда АКСти коррупция менен күрөшө турган кылып дайындап, аларды парламент көзөмөлдөй турган кылсак, гана коррупция менен күрөш болот. Башкача айтканда, күрөш өч алуу же бөрк ал десе баш албай адилеттүү, акыйкаттуу болот. Эгер Сооронбай Жээнбеков ишимден майнап чыгарам десе, биз каккан конгуроону тыңшап, пайдубалы начар үй курбашы керек. Анткени пайдубалы начар үйгө кымбат курулуш материалдарын чаптаганда деле үй ойдогудай болбой, оркойгон жетишпестик көрүнүп тургандай кылбай ишти сапаттуу жасоого аракет кылышы керек

– “Президент сотторго кийлигишпейт, сот системасында тазалыкты, адилеттүүлүктүн орношуна салым кошот, мындан ары соттор 7-кабатка көз каранды болбойт”- деп ишенсек болобу?

– Ниет кылып туралы. Бирок, мен андай ойдон алысмын. Сотторго тапшырма берип, саясый чечим чыгартып жүргөн Манас Арабаевди кызматынан кетиргени жакшы, бирок ошондон эле соттор көз карандысыз болуп калган жок. Анын ордуна башка келет да дал ошол Манас Арабаев жасаган иш менен алектенет. Ошон үчүн соттор ак нерсени “жашыл “деп туура эмес чечим чыгарып жатышат. Сотторго тапшырма берген киши кеткени менен соттор баштагыдай эле иштеп жатышат.

– Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна 6 айдын жүзү болуптур. Кандай өзгөрүүнүү байкадыңыз?

– Эч кандай өзгөрүүнү деле байкаган жокмун. Болгону командасы өзгөрдү. Атамбаевдин ишенген кадрларын кыз-маттан четтетти. Алты айда ушул нерсе гана байкалды. Эгер президент “жакшы иштейм, ишимден жыйынтык чыгарам” десе, “бүгүн, эртең” деп отура бербей, мамлекетти өзгөртүүнү тезинен башташы керек. Анткени, дүйнөлүк практикада президент биринчи тогуз айда эмнени жасаса, 6 жыл бою ошонун үзүрүн гана көрөт экен. Бүгүн анын кызматка келгенине 6 ай болсо, эртең эле тогуз ай болуп калат. Убакыттын кантип өткөнүн билбей калат. Көчмөндөр оюну деп ага алаксыйт. Анан 6 жыл башкарып, жарытылуу нерсе жасабаган президенттердин катарын кантип толуктап калганын байкабай калат. Президент портфель бөлүштүрүү менен алек болбой реформа жасап, милицияны оңдоп, сот тармагын түздөөнү колго алышы керек. Болбосо эртең кеч болуп калат.

– Баса, билим деңгээлим жетиштүү, бардык тармактын өкүлдөрү менен иштеше алаарынызды жар салып, президенттик аппаратка кызматка алса иштеп берем деген сунуш бердиңиз эле. Жогору жактан реакция болдубу?

-Жок. Ал сунушту жарыялаганда мен сунуш болбошун жогору жак маани деле бербесин билип туруп жазгам. Анткени бул бийликке мендей адамдардын кереги жок.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: