Menu

Карыпбековдун “кара жашигинде” каман күркүрөйт…

Бөлүшүү:

Айтылуу “кара жашик” 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир аз “агарып” келаткандай болду зле… Анан эле анын ишин жакшыртуу ниети менен түзүлгөн Байкоочу Кеңештин келиши менен анын курамындагы эски интригандардын “изги” аракеттери жанданып, күбүр-шыбырлар күчөп, ага карабай ар ким алынын келишинче аракеттенип жүрүшкөн. Жакшылап баам салып, анализдеп көрсөк “кара жашиктин” азыркы башчысы Илим Карыпбеков 2017-жылдын апрель айында мөөнөтү бүткөн Байкоочу Кеңештин мүчөсү боло турган эле. Менин жеке баамымда, бул жигит арканды алыстан ыргытып, мээлеген жерге мезгилинен эрте жетүүнүн аракетин көргөн окшобойбу…

Эл аралык аэропорттогу майлуу-сүттүү орундан өз ыктыяры менен баш тартып, айлык маянасы жок Байкоочу Кеңешке мүчө болуп, өзүн көрсөтүүгө жасаган аракеттердин артында кылтыйып жаткан сыр бар экенин 2012-жылы аны менен кошо келген 14 “карышкыр” байкабаптыр.

Ал эмне болгон сыр эле?.. 2008-2009-жылдары өлкөдөгү мааалымат саясатын Оксана Малеванная деген жөөт колго алып, Кыргызстандагы эң маанилүү стратегиялык маалымат каражаты болуп саналган КТРКнын кыйшайгыс ээси болууга жасалган аракети ишке ашпай калганын билгендер аз эмес болсо керек. Ишкананы Акционердик коомго айландырып, андагы акциянын жогорку пайызына ээ болуп, түбөлүк башкаруучу болуу үчүн телеканалдагы көп жыл иштеген кызматкерлерден арылуу аракеттери ошондо эле башталган. Ыраматылык Мелис Эшимкановду каргап-шилеп, айрым журналисттер соттошуп жүрүп, кийинки революциядан кийин кайтып келгендери болгон. Ошол мезгилде Малеваннаянын чапаны менен сумкасын көтөрүп, анын жанында так ушул Карыпбеков жүргөндүгүн, экөө бир бөлүмдө иштеп, ортолорундагы жылуу мамиле бүгүнкү күнгө чейин уланып келатканын билгендер да жок эмес. Сүйүктүү “апчесинин” Кыргызстандагы бизнесин дагы ушул “братишкасы” көзөмөлдөп, өз “долясын” алып турат деген айыңдар да айтылып жүрөт. КТРКга жетекчи болгондон бери ат тезегин кургатпай Грузияга каттап калганы да бекер болбосо керек.

Ошентип, КТРКга башчы болууга көзү кызарып жүргөн Байкоочу Кеңештин мүчөсү Илим Карыпбеков ошол кездеги башкы директор Кубат Оторбаевге компроматтарды чогултуп, ар жак, бер жактан ага бут тосууга жарактуу эски “шумпайлардын” көмөгү менен түрдүү тоскоолдуктарды тынымсыз уюштура бергенден улам “тойдум байдын кызына” деп ал баса бергенин ошол кездеги Байкоочу Кеңештин ар бир мүчөсү ырастаса керек. Анын кетиши күтүүсүз болгондон улам мүдөөсүн ишке ашырууга үлгүрбөй калган Карыпбеков эми Султан Жумагуловго “сыйыртмак” салууга кам көрө баштап, аны ошол кездеги Байкоочу Кеңештин бир нече мүчөсүнүн көмөгү менен жана эл аралык аэропорттогу мурдагы табакташтары аркылуу ишке ашырганы да ачыкталганы бар. “Ак молдого” азгырылган “Ак торпок” талашып-тартышып отурбай, арызын жазып берип, эркекче иштен кеткен.

Анан эмне болду?.. Албетте, кыялдар орундалды, кресло колго тийди! Эми баягы башталып аягына чыкпай калган эски кыялдарды орундатуу аракети калган болчу.

Ал үчүн акцияга ээ болуу коркунучу бар көп жыл иштеген кызматкерлерден арылуу керек эмеспи! Ошентип, көп жыл эмгектенген тажрыйбалуу журналисттер түрдүү шылтоо менен массалык түрдө айдала баштады. Калп  айтпасак, андайлардын саны 100 дөн ашат. Ошону менен катар эле Коомдук телеканалдын редакциялык саясаты талкаланып, сеткалык берүүлөрдүн тартиби бузулуп, айтор негизги принцип эске алынбай, башаламандык күчөй баштаганы коомчулукка чыгып кетти.

Ушул эле учурда Илим Карыпбеков КТРКнын дубалдарын жаңылап, ремонт жүргүзүп, чарба иштери менен алек болуп жатканын социалдык тармактарда байма-бай кабарлап турду. Макул кеңсени жаңыласын, бирок Кыргызстандагы көрүүчүлөрдүн саны боюнча алдыда деп эсептелген негизги каналдын принциби “өлүп”, кайрадан “кара жашикке” айланып калды да! Мына ушундан улам Илимге өлкөнүн маалыматтык саясатынын анчалык мааниси жок экендигин, ал үчүн мына ушул медиа-ишканага ээлик кылуу башкы маселе экендигин айдан ачык байкаса болот.

Ансыз да интригадан арылбаган КТРКга айлакер жетекчинин барышы менен чуулуу окуялардын чордонуна айланып, соцтармактарда жетекчинин эки жүздүү, орой жана  калпычы экендиги ачык айтылып, редакция башчыларынын чектен ашкан жоруктары талкууга алынып жатты. Ал арада айныксыз айлакерге алданганын моюндаган Байкоочу Кеңеш теледеги терс көрүнүштөрдү ондоо боюнча Карыпбековго тапшырма берип, соңунда жарым жылдан  ашык өз отурумуна катыштыра албай убара тартып жүрүп, акыры мөөнөтү аяктап, таркап “ кетишти.

Ал аңгыча КТРКдагы бир ууч кошоматчылар Карыпбековду колдоо маселесин көтөрүп, бийликке жолдонгон кайрылуу-катка катардагы кызматкерлерге кол койдуруу милдеттендирилип, кат ачык айтып, ак сүйлөгөн  журналисттерге сунушталбай турганы, кол коюудан баш тарткандар “кара тизмеге” илинээри тууралуу сөз жүрдү. Атамбаевдин аппаратына жолдонгон кат ээсине жеттиби, жетпедиби ким билсин, айтор ары карап ыйлап, бери карап жылмайган бөлүм башчылар баш деректирдин каалоосун ошентип орундатышкан.

Бөлүм башчылар (продюсерлер) демекчи Илим Карыпбеков продюсерлерге кезек-кезек сый көрсөтүп, көңүлдөрүн алып турат деген кепке ишенсек, анда алар катардагы кесиптештеринин пикири менен эсептешпей , туруп, жетекчинин мүдөөсүн ишке ашыруунун гана камын көрүүгө өтүп алышыптыр.

Болбосо, 100дөн ашык кызматкер ыйлаган бойдон иштен кетип жатканда бирин экин кесиптешинин укугу тууралуу учкай кеп айтуу да оюна келбеген продюсерлер кокустан эле башчысын коргой баштаганы суроо туудурат.

Карыпбеков жетекчи болуп келген 3 жылдан ашык аралыкта кызматкерлердин укугу менен кызыкчылыгын коргой турган профсоюз уюму анын кысымына туруштук бере албай, аты бар заты жок “жансыз” уюмга айланды. Бул аралыкта кызматкерлердин арзыбаган айлык маянасы, калем акысы, социалдьж жактан колдоо көрсөтүү тууралуу бир да маселе көтөрүлгөн жок. Ал тууралуу ооз ачкандын тагдыры кандай болоору коомчулукка дайын. Жада калса кээде чанда ыйгарылып турчу акчалай сыйлыктардан да кур калган. Эки жыл мурда Карыпбеков Жогорку Кеңештин трибунасында туруп, ушул өңүттөгү эл өкүлүнүн суроосуна “ай сайын ар бир кызматаерге айлык маянасына кошумча акчалай сыйлык каралган,”- деп оозу-мурду кыйшайбай калп айтканы жамааттын эсинен эмдигиче чыга элек. Уу-чуу күчөп турган ошол маалда “ипотекага үй курмай болдук, жерибиз бар”,- деген сөзү да жел бойдон калды.

Керт башынын кызыкчылыгы үчүн продюсерлер менен катардагы кызматкерлердин ортосуна “мышык” сойлотуп, мыйыгынан жылмайган Илим Карыпбеков мүдөөсүн ишке ашыргыча күтүлбөгөн окуялар болуп кетти…

Жакынкы мезгилден бери эл көзүнө «сылык» тартып, айланасындагы “карышкыр”, чөөлөрдүн көңүлүн алгандай катардагы ызматкерлер менен жөнөкөй жарандарды да эстемиш этип, жеке дарегине келген каттарга жооп жаза коюп жатканы менен жамаатка жасаган орой мамилеси, көзүнө бирди сүйлөп, көмүскөдө башканы жасап койгон эки жүздүүлүгү, каратып туруп калп айткан жан-димилиги, жогорку даражадагы адамдарга жагынган жасакерлиги өзгөрбөдү. Өзгөрмөк тургай, күч алып, “кеткиче дагы бир тобунарды жумуштан кетиргенге үлгүрөм” деп, опурулуп турган чагы. Карыпбеков мынчалык каарын төккүдөй жамаат ага кандай жамандык кылганы белгисиз.

Ал эми КТРКнын ишмердигине көз салып, андагы терс көрүнүштөргө баа бере турган башкы орган болгон Байкоочу Кенеш төрагасы Жыпар Жекшеевдин жетегине түшүп, Карыпбековго көз каранды болуп алышты. Алардын “дос” болуп алышканын КТРКнын эфирлерин энесинин менчигиндей ээлеп алышканынан деле байкаса болот. Үстүбүздөгү жылдын март, апрель айларында эле төрага төрт жолу, калган мүчөлөрү эки жолудан эфир аркылуу Карыпбековду мактап-жактаганга үлгүрүштү. Макул, мактоого татырлык иш жүргүзүп жаткан экен дейли, а коомчулук социалдык тармактар аркылуу кемчиликтерин көздөрүнө сайып көрсөтүп, талкуулап жатышпайбы? КТРК жамааты Байкоочу Кеңештин учурдагы курамы менен таанышуу иретинде бир жыл мурда бир жолуккан. Кудай сактасын, андан бери төрага Жыпар Жекшеев аксакалдын Илим менен бат бат жолугуп, ынакташып кеткени эле болбосо, ийгиликтер кантип жаралып, көйгөйлөр кайдан чыгып жатканы боюнча медалдын экинчи бетине кызыгып койгон жан жок.

Албетте, КТРКдагы кырдаал ушундай нукка түшүп, ал акырындан жамааттын ичинде ириңдеп баратканында Карыпбековдун жеке “эмгеги” зор. Эми ошол ириң бири бирин урматтаган улуу кичүү кесиптештердин ортосуна чок салып, андан ары каптап кетпесе эле болду…

Кызбийке Калчаева

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: