Menu

Футбол чемпионатынын алдында Орусиядан 300 тажик мигрант мекенине кайткан

Бөлүшүү:

Алдыдагы футбол боюнча дүйнө биринчилигинин алдында (май айында) кеминде 300 тажик мигранты өз эрктери менен Орусиядан чыгып кетишкен. Бул тууралуу орусиялык укук коргоочулар билдиришти.

Алардын көбүн патент мөөнөтү аяктап, узарта албай калгандар, ошондой эле чемпионат аяктаганга чейин Орусиядан убактылуу чыга турууну туура көргөн мигранттар түзөт.

Мигранттардын укуктарын коргоо уюмунун кызматкери Каримжон Ёров мекенине кайтканга чейин 300 мигрант алардын уюмуна укуктук кеңеш сурап кайрылганын айтты.

Анын айтымында, дүйнө биринчилигинин алдында текшерүүлөр күчөгөндүгүнө байланыштуу айрым орусиялык ишканалар мигрант жумушчуларды убактылуу иштен кетиришсе, башка мигранттардын патент мөөнөтү аяктап, узарта албай калышкан. Каримжон Ёров мындай мигранттарга жардам сунуштаган, бирок алар депортациядан коркуп, өз эрктери менен мекенине кайтышкан.

«Азыр текшерүүлөр күчөп, күн сайын мигранттардын кармалгандыгы тууралуу 15ке жакын телефон чалуулар болуп жатат. Ошондуктан айрым иш берүүчүлөр мигрант кызматкерлеринин бир нечесин убактылуу жумуштан кетиришкен.Мигранттар болсо бул убакытты мекенинде өткөрүүнү туура көрүшүүдө», – деди Ёров.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын беттештери 14-июндан 15-июлга чейин Москва, Санкт-Петербург, Волгоград, Екатеринбург, Казан, Калининград, Нижный Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Саранск жана Сочи шаарларында өтөт. Бул ири иш-чарага байланыштуу аталган шаарларда кошумча коопсуздук чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги жарандарды 25-майдан 25-июлга чейин Орусиянын 11 шаарына барбай турууга чакырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: