25-майда Бекабад медициналык колледжинин 3-курсунда окуган кыздын сөөгү өз үйүндө табылды. Прокуратура бул факт боюнча иликтөө баштады.
Маркумдун кошуналарынын биринин айтымында, жаш кыз кан тамырына ийне сайып, өзүн өзү өлтүргөн.
– Кыздын ата-энелери дарыканада иштешет. Препараттын атын так билбейм, бирок ал венасына адреналин куйган деп жатышат. “Тез жардам” чакырышкан, бирок дарыгерлер келгенге чейин эле кыз жан берген, – деди ал.
Студент кыз эмне себептен бул кадамга барганы белгисиз.
Бекабад медициналык колледжинин директор орун басары Мохира Бердукулова суицидге барган кыз өзгөлөрдөн үлгүлүү жүрүм-туруму жана тырышчаактыгы менен айырмаланып турганын айтты.
Акыркы мезгилде Өзбекстанда өз жанын кыйган жаштардын саны көбөйүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2010-жылы өзбекстандык 100 миң кишинин жетөө өз жанын кыйса, 2016-жылы бул көрсөткүч 9,2ни түзгөн.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ