Бишкек ТЭЦтин модернизациясына байланыштуу камакка алынып, жакында кызматынан алынган Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовдун ордуна мэр шайлоо өткөнү турат. Азыркы кезде 11-июнда өтө турган шайлоого карата шаар башчылыгына ат салышчу талапкерлер такталууда. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев, саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев жана Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары, мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Маалымат булактары шаардык кеңештин депутаттарына Ташиевдин инисин шайлоо боюнча жогору жактан буйрук түшкөнүн каңкуулашты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ