Menu

Атамбаев жарым жылда 1 млн сом пенсия алды

Бөлүшүү:

Бир жылда эки хан сарайды бүтүргөн экс-президент Алмазбек Атамбаев президенттикти тынч өткөрүп бергени үчүн алган Баатырлык медалы менен кошо азыр 160 миң сом пенсия алат. Баатыр болгон үчүн эки эсе көбөйтүлгөн. Жээнбеков биринчи Указы менен Атамбаевге КРнын Баатыры деген сыйлыкты ыйгарган. Ал наам Указ боюнча берилгени менен медаль өзү тапшырыла элек. Качан өтөт атайын иш чара деп аңдыгандар көп. Март айында Соке ал кездеги аппарат башчысынын орун басары Мукан Абулгазиевди медалды барып, Атамбаевдин өз үйүндө эле тапшырып берип кой десе, анысы көнбөй койгон деп айтышкан. Эми, Атамбаев ал медалды алып эмне кылат? Указ чыккандан бери колго 160 миң сом пенсия алып жаткан соң. Бүгүн Шаршенович президенттен да көп айлык алып, резиденцияда жаткан кези. Ошентип президенттиктен түшкөн алты айдан бери Атамбаев колуна туура бир миллион сом пенсия алды. Мынча акча топтош үчүн мугалим менен маданият кызматкери канча жыл тишинин кирин соруп иштеши керек? Эсептеп көргүлөчү?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: