Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «Ишенбейин дейм, бирок коррупциялык схемалар иштеген жерде Сапардын кулагы чыгып жатканы өкүндүрөт»

Бөлүшүү:

— Турсунбек мырза, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка келгенине алты айдын жүзү болуптур. Мактоого арзыган иш жасадыбы?

— Сооронбай Шариповичтин сүйлөгөн сөзүнөн, багыт алган иштерине саресеп салсак, президенттик такка келгенден бери элди кыжаалат кылган маселелерди чечсем, мамлекетти сазга батырып жаткан коррупционерлерден арылтсам деген максатта иштеп жатканы баарыбызга ачык-айкын көрүнөт. Ал кызматка келген күндөн баштап, тамырлап кеткен коррупцияны ооздуктайм деген демилге көтөрүп, аны ишке ашыруунун аракетин көрө баштады. Мамлекетке кедергисин тийгизип, коррупциялык иштер менен алек болгондорго кылмыш ишин козготуп, саясый эрки бар экенин көрсөттү. Ошондой эле тышкы саясатта салкындап калган мамилелерди калыбына келтире баштады. Анын бул аракетин баалаган президенттер Сооронбай Шариповичти Путинди тоскондой тосуп, абройлуу президенттердей мамиле кыла башташты. Сооронбай Шарипович кадр саясатына да аяр мамиле кылып, эптеп эле таанышым келсин деген саясаттан алыс болуп, кандай тармак болсо да, адискөйлөрдү дайындай баштады. Башкача айтканда, башчыларын кызматтан алса, алардын ордуна орун басарларын жетекчи кылды. Кадр саясатында кадрларды тепкич менен жогорулатууну колго алды. Ошон үчүн Башкы прокуратурага Аида Салянова менен Индира Жолдубаевадай болуп, прокуратурада бир күн да иштебеген адамды койгон жок. Прокуратура тармагында иштеп, такшалган адамды койду. Эгер ал тармактарга мурунку президенттей болуп, өз жакындарын дайындай берсе, Абдил Сегизбаев президентке ишенип алып, акылга сыйбаган иштерди жасап, депутаттар менен айтышкандай жагдай жаралат. Сооронбай Шарипович мына ушундай жагдайларды алдын алып, бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун деген принципте иш алып барып жатат.

— Бирок, коррупцияны сенден баштайм деп Бабановго катуу айтып, катары менен кылмыш иши козголгону менен аны актап же камап сала алган жок го?

— Сооронбай Жээнбеков Бабановду күнөөсү болсо камап, күнөөсү далилденбесе акташы керек. Кокус аны менен компромисске келип алып, убакытты созуп жүргөн болсо, анда эл ишенбей азыркы жасалып жаткан иштин баарын шоудай кабыл алып калат.

— Сиз Бабановдун камалышын каалайсызбы?

— Мен күнөөсү жок болсо эч кимдин камалышын каалабайм. Эгер күнөөлүү болсо, мамлекетке зыян келтирсе баарына мыйзам бирдей болуш керек деген принциптемин. Бабанов жеке кызыкчылыгын көздөсө да, Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө салым кошкон, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасаган адам. Ошон үчүн күнөөсү болсо камап, күнөөсү жок болсо акталыш керек деп жатам.

— Коррупцияны тизгиндөө аракети башталар менен мурунку президенттин ишенген кадрларына кылмыш иши козголуп, алар сяасый куугунтукка кабылдык деп жар салып жиберишти го. Сапар Исаков жаш туруп, ушундай коррупциялык схемаларды ишке ашырганына ишенесизби?

— Ишенбейин дейм, бирок коррупциялык схемалар иштеген жерде Сапардын кулагы чыгып жатканы өкүндүрөт. Ал идеясы колдоого аларлык, мактоого арзыган кичи пейил жигит болчу. Бирок, акыркы убакта элдин оозун ачырган коррупциялык схеманын баарына Сапардын тиешеси бар болуп жатканы мени ойго салды. Анткени, убагында Атамбаевдин оң колу деп көкөлөтпөй бөлүм башчылыктан, жооптуу кызматтарга көтөрбөй Максимдин мезгилиндеги иштери үчүн жоопко тартканыбызда ал мындай иштерге барып, мамлекетке зыян келтирмек эмес. Бабановго да кезинде дал ошондой мамиле кылынганда ал да мындай иштерди жасамак эмес. Эгер буларга азыр чара көрбөй тымызын компромисске барып алсак, мындан да жаман иштерди жасап коюшу мүмкүн. Ошон үчүн баарын учурунда жоопкерчиликке тартсак, көп нерсенин алдын алабыз.

— Бирок, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген кадрлары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор саясый куугунтукка кабылдык, саясаттын курмандыктары болуп жатабыз деген ойду айтып жатышат го?

— Мен антип айткандан алысмын. Бирок, баарына бир мезгилде козголуп, бирдей күнөө тагылып жатканы саясый буйрукка окшоп көрүнүп жатат. Чынында булар саясаттын курмандыгы болгон жок. Тескерисинче, чалган чалмакейлерине жооп бере турган күн келди. Ошону түшүнбөй саясый куугунтук башталды деп жатышат.

Чынында булар ар кайсыны айтып, жандалбастабай мыйзам баарына бирдей экенин түшүнүшү керек. Сапар Исаков, Албек Ибраимов жана Кулматовдор Текебаев, Жапаров, Кадыров, Талгарбеков, Асановдордон башкача эмес да. Конституциянын атасы жалаа менен камалып жаткандан кийин булар да жоопкерчиликти сезип, жок дегенде жасаган иштерине жооп бериши керек.

— Баса, Акыйкатчы Кубат Оторбаев мурунураак Текебаевди бошотуу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жолдосо, бу сапар Карганбек Самаковду бошотууну суранды. Акыйкатчынын бул аракетин колдоого алсак болобу?

— Саясый буйрук менен камалды, бошотуп коюңуз дегенин колдоого алсак болот. Бирок, саясый буйруктун негизинде күнөөсү далилденбесе да, камалгандардан Текебаев менен Самаков эле эмес да. Ал президентке эркиндикке чыгар деп кайрылбай, ишинин кайра каралышына мүмкүнчүлүк бериңиз десе болмок. Кубат Оторбаев Акыйкатчылык кызматка журналисттей эмес, укук коргоочудай, юристтей мамиле кылып, саясий упай топтоп калайын дегенден алыс болушу керек. Түштүктөн бирди, түндүктөн бирди бошот деп президентке кайрылып койгону жетишсиз. Ошон үчүн Акыйкатчы болуп мындан ары да иштейм десе, жалпы саясый куугунтуктун азабын тартып, күнөөсү далилденбесе да камакка алынгандарды бошотууну, алардын ишин кайра каратууну талап кылышы керек.

— Өткөндө “Ачык саясат” гезитине берген маегиңизде Оторбаев кызматтан кетиши керек деген оюңузду айтыпсыз. Ал ишинде калпыстыкка жол берип жатабы?

— Негизи Акыйкатчы көп жерден калпыстыкка жол берди. Үч жылдан бери парламентке отчёт тапшырып, докладын жактырта элек. Чынында үч жыл эмес, бир эле жыл докладын тапшыра албаса, ал адамдын Акыйкатчы болуп иштегенге укугу жок болуп, мөөнөтүнөн мурун отставкага кетиши керек деген маселе жаралат. Кубат Оторбаев ал кызматтан өз эрки менен кетпесе, премьер-министрдей кылып, ишеним көрсөтпөй кетирип койсо болот.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: