Menu

Жээнбеков бүгүн эл ишенчү командасын түзбөсө, эртең кеч болуп калат

Бөлүшүү:

Жаңы бийликтин алты айда жетишкендиги – Кыргызстанды Атамбаевдин “достугунан” куткаргандыгы болду. Андан тышкары эл аралык аброюбузду оңдогонго жасаган аракети үчүн алкыш топтоду. Мындан сырткары Сооронбай Жээнбековдун жеке жүрүм-туруму, токтоолугу элге жакты. Чет өлкөгө чыкканда, элди аралаганда жалжаңдабай, оозуна келгенди оттой бербей, өзүн токтоо алып жүргөнү үчүн эле элибиз ээрип калган. Кийимин жакшынакай кийип, узун бойлуу татынакай кыргыздын жетекчисин башка мамлекеттин лидерлеринин катарында көргөн кыргыз кантип сүйүнбөсүн? Бир размер чоң кийим кийип, күлкүсү менен ойду-тоону сүйлөй берген адамдан кийин. Президенттин милдетинин көбү ушул орусча айтканда “представительская функцияда” камтылаарын көпчүлүк жакшы биле бербейт. Коррупция менен күрөшүп атканы, Атамбаевдин оң колу Сапарды, сол колу Албекти, “кошелегу” Кулматовду кайра-кайра суракка чакыртып, кылмыш иштерин козготкону, “Эч кимди аябайм, баардыгын тазалайм” деп жарыя кылганы да элге жакты. Мунусуна дагы ишенчээк кыргыз эли ишенгендей болгон. Бирок, акыркы бир жумада коомдук пикир кадимкидей кайра ооп бараткандай сезилди.

“Эмне себептен Раим-миллиондун үйү тинтилбейт? Ал өзү камакка алынбайт? Эмнеге Раимдин жумуштан алынганы боюнча даттануусу мыйзамга каршы келсе дагы 1-май райондук сотто каралып атат?” — ​деген сыяктуу суроолорду мурун Атамбаевдин гана жакын бир уучтай санаалаштары коюшса, азыр болсо миңдеген мекендештерибиз дагы кызыга башташты. Чын эле, урматтуу президент, эмнеге Раим-миллион суракка алынбайт? Ал каалагандай кадрларын бажыга дайындап атканы, кайрадан бизнестерди тооруп баштаганы чынбы? Же Аскар Шадиевди алып көрөлү. Аны чын эле качырып ийдиңерби, алдын ала макулдашып? Эмне себептен шектүүлөр камакка алынмак турсун, суракка дагы чакырылбайт?

Кечээ күнү Коопсуздук Кеңешинин жаш катчысы чыгып алып, пресс-конференция берди. “Референдум өткөзүшүбүз керек экс-президенттин макамын алып салуу боюнча” деген саясий демилгени көтөрүүнү ага ким тапшырды болду экен? Ал жеке ошол Сагынбаевдин пикириби же президент Жээнбековдун позициясыбы? Дегеле, эмне себептен ушул күнгө чейин аппарат жетекчиси дагы дайындала элек? Жанына кайсы жаңы кадрларды топтой алды? Өмүрүндө премьер-министр эмес, министр болушу түшүнө кирбеген Мукан Абулгазиев эмнени кыйратып жатат? Бул суроолор күн өткөн сайын коомчулук арасында курчуп баратат. Чабал өкмөттүн так программасынын жоктугу күзүндө Жээнбековдун өзүнө түздөн-түз сын алып келери бышык.

Сооронбай Жээнбеков бир нерсени түшүнүшү керек. Анын атамбаевчилерди жайлаганы жетишсиз. Жаратмандык өзгөрүүлөрдү алып келиши керек. Атамбаевдин көчү уланууда азыр. Баардык программа жана демилгелер кудум аныкы жана анын балашкаларыныкы. Жээнбеков менен Абулгазиев азыркы күнү өзүнүн программасын жана жаңы жолдун картасын жалпы элдин алдына алып чыгыша элек. Алып чыккан күндө дагы, терең реформаларсыз, муруңку Икрам дайындаган кадрлардын командасынын күчү менен ишке ашырылбай тургандыгы азыр эле белгилүү. Президентибиз кайсы факторго ишенип атты болду экен? Эртең эле коомдук пикир өзгөрөт. Өткөн жумада Текебаевдин абактан чыгарылбашына көзү жеткен анын жактоочулары кадимкидей Жээнбековду сынга ала башташты. Мындан тышкары Канат Исаев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов сыяктуу ондогон саясий туткундардын жактоочулары турат. Алардын дагы үмүтү акталбай тургандыгы аз-аздан элге жете баштады. Азырынча ойноп, таарынган баладай сүйлөнүп сындашса, эң ачуу сөздөрү даяр эле турганы айдан ачык. Атамбаевчил “Апрель” сыяктуу телеканалдары, миллиондогон доллар паралары да даяр турат. Жогорку Кеңештин көпчүлүгү дагы багынып берүүдөн, мурункудай ооздук кийүүдөн алыс. Кичине коомдук пикир өзгөрсө, бир эле жерден Жээнбеков жаңыла турган болсо, булардын баардыгы жабыла, төө басты кылып коюша тургандары боло турган иш.

Муну президент Жээнбеков түшүнүп, билет болду бекен? Коррупция менен күрөшүп атам деген жетишсиз. Атамбаевдин Мира Карыбаева же Нурсулуу Ахмедова сыяктуу кеңешчилерине ишенсе, анда иши бүткөнү. Алардын колунан бирдеме келе турган болсо эчак эле Атамбаевге жолун көрсөтүп беришмек эле да. Эми алардан кайсы сыйкырды күтүүгө болот? Чечкиндүү кадамдарга барып, күчтүү элдик өкмөттү түзбөсө, бир жарым жылдан кийин эле баштала турган шайлоодо Жогорку Кеңештин курамы оппозициядан түзүлүп калса эмне болот? Аны ойлогон киши барбы? Биз бул суроолорду Сооронбай Шариповичтин тарапташы катары айтып атабыз. Убагында айткан жоксуңар деп таарынбагыла анан.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: