Menu

Жаманды коногу бийлейби? Алтынды жезге айландырган “KAZ Minerals Bozymchakтын” дагы кандай сырлары бар?

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы коррупция, жеп-ичмейлерге каршы күрөштүн алкагында болдубу же башка жагдайы барбы, айтор өткөн жумада алгачкы ирет салыкты жашыргандыгы үчүн деген жүйө менен чет элдик компаниянын, Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын, жез кенин иштеткен казакстандык “KAZ Minerals Bozymchaктын” жетекчиси Ильяс Тулекеевдин кармалышы чоң сенсация болду. Бирок анын эки күндөн кийин эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан коё берилиши ого бетер табышмактуу суроолорду жаратууда.

Көрсө, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын билдиришинче, аталган компанияга карата былтыр декабрь айында эле Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (“Чарба жүргүзүүчү субъектилердин, кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларынан четтеши”) менен кылмыш иши козголгон экен. Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүсү учурунда аталган ишкана 2014-жылдан бери салыкты “курамында алтын бар концентраттан” түшкөн киреше иретинде эмес, “курамында жез бар концентраттан түшкөн киреше иретинде” төлөп жүргөнү да аныкталган. Ошентип казакстандык компания Кыргызстандын бюджетине 2014–12016-жылдары жалпысынан 55 млн сом салыкты төлөбөй келгендиги аныкталган.

Андыктан жогорудагы жагдайларга байланыштуу “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев 26-майда “Манас” аэропортунан кармалган. Эмнегедир бул маалыматты аталган текшерүү органы ошол замат эмес, 28-майда гана коомчулукка жарыялаган. Бирок ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту И. Тулекеевди үй камагына бошотуп, тергөө амалдары улантыларын билдирген. Көрсө, эки күн түрмөдө жатып “эсине келген” И. Тулекеев төлөп бериптир. Бирок 29-майда өткөрүлгөн маалымат жыйынында ал 55 млн сомдон ашык салыкты соттук териштирүүлөр аягына чыкканга чейинки талаштуу тартип менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын эсебине которгондугун жарыялады. Бир чети И. Тулеккев эл аралык арбитражга кайрыларын айтып “коркутуптур”. Андыктан эгер эл аралык арбитраж казак компаниясынын пайдасына чечим чыгарса, анда ушул акчадан да куру калат экенбиз. Себеби Казакстандын маалымат каражаттары ошол замат эле ызы-чуу салып, Кыргызстандын укук коргоо органдары Ильяс Тулекеевге тактала элек маселе боюнча айып тагып жатканын жар салышып: “Өткөн жылы Кыргызстандын салык органдары компаниядан кошумча нарк салыгын төлөөнү талап кылышкан. Компания бул талапты четке каккан. Себеби, бул соттук териштирүүнүн негизи болуп саналат жана компания бул боюнча арыз берген. Мындан тышкары бир нече жылдан бери компания Кыргызстандын салык тармактарынан кошумча нарк салыгын кайра ала албай келет”, — ​деген билдирүү таратып да жиберишти.

Албетте, “Казминералс” ишканасы өлкөбүздө Кумтөрдөн кийинки эле алтын, жез жана башка баалуу кендерди иштеткен чет элдик инвестор болуп саналат. Демек, жеңилдетилген болсо да салык төлөө аркылуу экономикабызга салым кошулуп, жумушчу орундар түзүлөт. Бул жагынан аталган ишкана республикалык деңгээлде болбосо да, бир райондун алкагында аздыр-көптүр социалдык көйгөйлөрдү чечип келатат.

Ошол эле учурда ар бир чет элдик инвестордун милдеттенмелери да бар. Алар ошол өздөрү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймактын жол, көпүрө сыяктуу муктаждыктарын чечүү жана башка. Бирок Ала-Бука жана Чаткал райондорунун жашоочулары тарабынан казак компаниясына бир топ дооматтар айтылып келатат. Адилеттик үчүн Ала-Бука районунун борборундагы кароосуз калган кесипчилик окуу жайы (СПТУ) оңдолуп-түзөлүп, жергиликтүү жаштарды кесипке үйрөтүү сыяктуу окуулар жүргүзүлгөн. Мындан тышкары анча-мынча жалгыз калган кары-картаңдардын дары-дармегине көмөктөшүп келатат. Элге өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жеткирүү үчүн райондук гезиттин форматында баракча да чыгарылып турат. Эгер реалдуу карай турган болсок, ушул жана башка кайрымдуулук жана башка иштери жөн гана көз будамайлоо үчүн жасалган иштер болуп саналат.

Себеби жогоруда белгиленген жана ага чейин эсепсиз ташылып кетип жаткан алтын, жез жана башка кен байлыктарыбызды акчага айландырганда бир нече миллиондогон долларларды түзүшү мүмкүн. Баардыгынан кызыгы, Бозумчакта канча тонна алтын, жез, күмүш жана башка кен байлыктардын кору бар экендиги тууралуу так маалымат жок же болсо да ачык айтылбайт. Ошол жүздөгөн гектар жер темир зым менен курчалган. Мындан тышкары бир нече гектар жайлоолор, аска-зоолор талкаланып жатат. Алтын, күмүш, жези жерге кирсин, чет элдиктер баалуу байлыгыбызды казып бүткөндөн кийин артын карабай кете беришет. Ал эми биз эч качан ордуна келтире албаган урандылар, бомба түшкөндөй жерлерди “кучактап” кала берип, кооз табиятыбыздан ажырайбыз.

Ооба, алгач “Казакмыс” деп аталган бул компания курулуш иштерин бир нече жыл жүргүзүп, тоонун башына өзүнчө эле шаар куруп койгон. Ал тургай тик учак коно турган аянты да бар. Кийин жергиликтүү элге бекер калтырылып, лагер же башка керектүү жайга айланышы мүмкүн.

Демек, биздин тиешелүү органдар ушундай чечкиндүү кадамга барган соң, ишти аягына чыгарып, Бозумчакта канча тонна алтын, жез, күмүш жана башка байлыктар бар экендигин, аларды ташып кетүүдө эсеп так жүргүзүлүп жатабы же жокпу деген кыргыз коомчулугун, айрыкча жергиликтүү элди кызыктырган суроолордун жообун иликтеш керек.

Биз билгенден “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясы Казакстандын президентине караштуу “Самрук казына” деп аталган өтө көп суммадагы каражаты сакталган фондунун алдында түзүлгөн. Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан. Демек, президент Н. Назарбаевдин жеке көзөмөлүндө турат. Бирок боордош өлкөнүн лидери Кыргызстанга, кыргыз элине эч качан болор-болбос салыкты төлөбөй, социалдык милдеттенмелерин аткарбай коюу сыяктуу майда-барат талаштарга кызыкпаса да, каалабаса да керек. Андыктан ортодогу чатактар И. Тулекеевдин эле деңгээлиндеги көз боёмочулук деп эсептейбиз.

Бир чети бул компания өз ишмердүүлүгүн аскердик база сыяктуу өтө жашыруун жүргүзгөндүктөн жана маалыматтар ачык берилбегендиктен, “Казминералс” жана И. Тулекеевдин жеке өзүнө байланышкан имиш сөздөрдү ММК мыйзамына ылайык ачыкка чыгара албай калуудабыз. Анткени Кыргызстанды башаламан өлкө катары элестетип, каалаганын жасап, мыйзамдарыбызды бузуп келгендиги жана андай башаламандыкка кайсы бир көзөмөл органдары көз жумуп келгендиги жашыруун эмес. Мындай маселени Парламенттин 30-майдагы жыйынында депутат Т. Тиллаев да көтөрүп Башкы прокурор Ө. Жамшитовго “26-майда камакка алынган “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын директору И. Тулекеевге ким “крыша” болуп келген?”, — ​суроосуна так жооп берилген жок. Демек, И. Тулекеевге байланышкан жагдайды өзүбүздүн укук коргоо органдарынын жетекчилеринен да издөө керек…

А. Жапаров.

P.S.Эгер “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын жетекчилиги жогоруда айтылган жагдайларга өздөрүнүн аргументин айткысы келсе, редакция алардын да пикирине орун берүүгө даяр.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: