Menu

“Эгер ошол жигитке турмушка чыксаң, баари бир өлтүрүп кетем”

Бөлүшүү:

Ушул жумада уккан адамдын төбө чачын тик тургузуп, жүрөгүн түшүргөн каргашалуу окуя болду. 27-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБне никеге мажбурлап тургузуш үчүн кыз ала качуу аракети жөнүндө арыз түшкөн. Милициянын Бишкек шаардык жана Чүй облусунун бардык райондук бөлүмдөрүнө шектүү киши тууралуу ыкчам маалымат берилген. Көп өтпөй “Сосновка” постунда 29 жаштагы айдоочу башкарып бараткан “Subaru Outback” үлгүсүндөгү машине токтотулган. Анда эки жүргүнчү — ​30 жаштагы эркек жана 20 жаштагы кыз болгон. Алар Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкери алардын документтерин толтуруп жаткан маалда кыз кабыл алуу бөлмөсүндө отурган. Бир убакта кармалган киши бөлмөгө кирип кетип, эшикти ичинен жаап алган. Милиция кызматкерлери ызы-чуу болуп кеткен бөлмөнүн эшигин талкалап кирип, канга бөлөнгөн кызды көрүшкөн. Шектүү киши кызды бычактап, андан кийин өзүн да жарадар кылган. Окуядан кийин дароо “Тез жардам” кызматы чакырылып, жабыркагандар Жайыл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албай каза болгон. Кол салган киши ооруканада дарыланууда.

Бул бейажал өлүмгө учураган кыздын окуясы коомчулуктун кыжырын пайда кылып, Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Депутаттар кыз менен аны ала качкан зөөкүрдүн милиция кызматкерлери тарабынан бир бөлмөгө камалып коюлушун тартип коргоочулардын шалаакы мамилеси, кесипкөй эместиги катары баалашып, тиешелүү жетекчилерди жоопко тартууну талап кылышты. Көрсө, быйыл медициналык окуу жайын аяктаган 20 жаштагы кыз башка бир жигитке август айында турмушка чыгууга камынып, нике сөйкөсүн тагынган экен. Ага мажбурлап үйлөнгүсү келген жигит мурда да ала качуу аракетин көрүп, “Эгер ошол жигитке турмушка чыксаң, баари бир өлтүрүп кетем”, — ​деп коркуткан экен. Өзүнүн бактысын күч, митайымдык менен кургусу келген жигиттерибиз андай зөөкүрлүктүн аягы эч качан бакыт кушун алып келе албашын билиш үчүн жөнөкөй эле маданияттуулук жетишпей жаткандыгын түшүнүш керек го.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: