Menu

Бишкек шаардык кеңешинин бүжүрөгөн байкуш депутаттары мэр Албек Ибраимовдон отчет алалбай убара болушууда

Бөлүшүү:

Кененбаевдин депутаттары кенелбейт го

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болгону бир жылда төрт эле жолу жыйынга чогулушат. Анда деле жыргатып маселе чечкенге кудурети жетпейт. Бул жолу болсо сабактан качкан окуучуларга окшоп жыйынга кечигип чогулушту. Саат тогузда башталчу жыйынга 45 депутаттын экөөсү эле өз убагында келди. Бул шаардыктарды шылдыңга алышканы да, туурабы? Депутаттар бир нерсе болсо эле ыйык Орозо айын кармана калып, «Биз деген Орозо кармап жатабыз” деп догурунушкандарычы. Уят! Мындайды башкалар эшитпесин эгерим. Урматтуу төрага, Алмаз Кененбаев мырза! Төрага болгон соң 43 эки деген баага татыктуу болгон депутатыңызды уяткарып койсоңуз ашыкча болбойт. Шаардын кол тийгис жерлерин таратып коюп, принципиалдуулугуңарды Кытайдын элчилиги боюнча көрсөткөнүңөр жумурай журтту таң калтырды. Шаардын көчөлөрүндөгү бак-даракты кыйып, жолдорду тороп, коомдук транспортту оңдобой, парктын жерлерин таратканыңар өзүнчө эле дастан. Иш козголуп, эбин таппай жаткан Албек Ибраимовдон мэрлик отчетту канча айдан бери ала албай убара болдуңар. Мунуңар шаардыктарды ойлобой эле, мансап үчүн бүжүрөгөн байкуш экениңердин далили да. Же калппы? Бул БШК курамын таратуу боюнча демилгени президент өзү жетектеп, колунан коко иш келбегендерди кош айттырбаса болбой калды.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: