АКШнын мурунку элчиси Шейла Гуолтни былтыр жайында күтүлбөгөн жерден отставкага кетип калган. Бул окуяны биздеги элчи АКШ жаңы президенти Дональд Трамптын саясаты менен макул эместигин көрсөтүп, бир канча тажырыйбалуу дипломаттар менен кошулуп “протест” кылган деп айтышса, кээ бирөөлөр кыргыз-америка мамилелери Атамбаевдин доорунда мурда болуп көрбөгөндөй салкындаганы менен түшүндүрүшкөн. Эми болсо жаңы барак ачылууда. Атамбаевдин ордуна Жээнбеков келип, эл аралык мамилелерге дыккат көңүл бура баштаганын баарыбыз байкадык. Жакында Вашингтон жаңы элчинин ысмын жарыялады. Ал Бишкекте мурда иштеп кеткен, азыр Албаниядагы элчи 52 жашар Дональд Лу болуп чыкты. Билгендер, 2004–2006- жылдары Дональд Лу аябай мыкты иштеп, уюшулган кылмыштуулукка каршы чыкканын айтышууда. АКШ менен да эми алака оңолчудай болуп турат.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ