Menu

Социалдык өнүгүү министрлигинде кадимки “келиндер козголоңу” чыгып, министр Исакунова менен орун басар Лунара Мамытованын жумуштан алынышын талап кылышууда

Бөлүшүү:

Социалдык өнүгүү министрлигинде кадимки “келиндер козголоңу”. Борбордук аппараттын коллективи министр Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытовага нааразылык билдирип, алардын жумуштан алынышын талап кылууда. Мындай талапты жергиликтүү бөлүмдөр дагы колдоп чыгышыптыр. Өткөн жылы жайында терең ойлонулбаган социалдык коргоо “реформасын” демилгелеп, чийки мыйзамды даярдап, ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду уят кылышкан, бул эки айым. Аны ынандырып, кол койгузуп, Жогорку Кеңештен өткөзүлгөн мыйзамды эки-үч ай өтпөй, кайра толугу менен карап өзгөртүүгө мажбур болуп, баарын убарага салышкан. Ошондо эле министр менен орун басары депутаттардан жеме угуп, башын жерге шылкыйтып, шагы катуу сынып, уят болуп, жүз миңдеген жакыр үй-бүлөлөрдүн, жетим-жесирлердин жакшылыгын тартып алууга умтулган Исакунова жана Мамытовалар жумуштан алынбай, кайра жаңы өкмөттүн курамына киргизилиши жалпы элди кыжырлантканы да чындык. Муну ким тана алат? Буларга окшогондор кайра эле өз ордуларында мыктап койгондой олтурганы Абулгазиевдин өкмөтүнө көлөкө түшүрүп жатат да, туурабы? Сулуулардын министр болуп олтурганына эч ким каршы эмес. Сулуулуктан да ишти алдыга жылдырып кетчү акыл негизги маселе болуп жатпайбы? Иштей албай, коллективден сокку алгандарды жетекчи кылуу элди маскаралоо эмеспи?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: