Өткөн жума Жоомарт Оторбаев сыртка чыгып кетти деп жазган элек. Окурманыбыз мурунку премьер-министр Оторбаев өлкөдөн оолак кетпей эле, шаарда ээн-эркин жүргөнүн далилдеп сүрөтүн жөнөтүп ийиптир. Ау-уу УКМК, жанагы мектепке бөлүнгөн акчаны «ап» этип койду деп Кулматовко коюлуп жаткан Калыс-Ордодогу мектепке так ушул Жоомарт Оторбаев премьер-министр кезинде кийлигишкенин билбейсиңерби? Же силерде Оторбаевди олтургузуп алып узатчу сурооңор жокпу? Оторбаев досу Кубат Шаршекеевдин фирмасына бир миллион долларды которуу үчүн өкмөт токтомуна кол коюп берген эмес беле? Же Жоомартка жолобойбуз, суроо жолдобойбуз деп чечкенсиңерби?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ