Menu

Билим берүү көйгөйлөрү. Каныбек Осмоналиев, профессор: “Мектеп – келечектин пайдубалы болчу”

Бөлүшүү:

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Билим берүү экс-министри Каныбек Осмоналиев өлкөбүздөгү белгилүү инсандардын бири. Чыныгы окумуштуулук касиети менен соңку чейрек кылымда козукарындай жайнаган самопал окумуштуу-гуманитарийлерден кескин айырмаланган, бетке чабар калыс мүнөзү менен жогор жакка анчалык жага бербеген, жанкүйөр, мекенчил инсан Каныбек агайды кабарчыбыз кепке тарткан.

— Илгери бир мугалим райОНОго кат жазат дейт: “36 тамгаңарды окутуп бүттүм, дагы болсо салып жибергиле…” деп.

— Албетте, бул тамаша деңизчи. Ошенткен менен көп жылдар мурда эл оозунда жакшынакай, заары же шылдыңы жок тамаша катары айтылып калган кеп мугалимдин кемчилигин эмес, тазалыгын, өз милдетине берилгендигин билдирген десек туура болот. Мени редакцияңарга маектешүүгө чакырганыңардын себеби — ​бул тармактын тагдыр чечер мааниге ээ экендигин дагы бир жолу ырастайт. Себеби, элге билим берүү маселеси — ​келечек маселеси, элибиздин эртеңки тагдыры. Маселенин актуалдуулугу мына ушунда жатат.

Мектеп маселеси тээ антикалык доордо — ​Платондун мезгилинде да (IV к.) чоң мааниге ээ болуп, мугалим — ​билим берүүгө, окуучу — ​билим алууга умтулган. VIII–XIII кылымдарда Багдадда “акылмандар үйүн” (азыркыча Илимдер Академиясы) негиздеген жана калыптандырган араб цивилизациясынын өкүлдөрү да бул маселеге чоң маани беришкен. Бул доор тарыхта “Исламдын алтын доору” деп аталып калгандыгына карабастан, кийинчерээк Европанын бир катар өлкөлөрүнүн окумуштуулары анын маанисин басмырлоого аракеттенген учурлар да болгон. Ага карабастан, ар бир замандын өзүнө жараша алдыңкы адамдары, агартуучулары дайыма болуп келгендиктен, мезгилдин өтүшү менен мектептердин мааниси өсүп-өнүгүп, кеңейип жүрүп отургандыгы талашсыз.

— Сиз 1000 жылдын аржак-бержагынан кабар бердиңиз. Айтыңызчы, Кыргызстандагы бүгүнкү мектептердин акыбалы кандай?

— Өткөндө “түрмөлөр — ​коомдун күзгүсү” деп өзүңөр жазгандай, мектептер да коомубуздун бүгүнкү күндөгү күзгүсү. СССР ыдырагандан кийин билим берүү тармагында бизге эбегейсиз чоң, кубаттуу материалдык-техникалык база, бай тажрыйбага ээ болгон адистердин армиясы калган. Өкүнүчтүү жери — ​учурда биз, Кыргызстан, ошол үлкөн даракты бапестеп багып, сугарып карабастан — ​картайтып, шактарын сындырып, мөмөсүн жеп-түгөтүп бүттүк. Соңку 26–27 жылда бул тармакта, айрым бир жанкүйөр адистердин аракеттерин эске албаганда, эч кандай көзгө көрүнөрлүк жаңылык же бай тажрыйба топтолгон жок.

Соңку чейрек кылымда кыргыз бийлиги мамлекеттик мектептерди алардын негизги жолунан алагды кылып, өзүнүн саясий кызыкчылыкты көздөгөн жолуна түшүрүп: негизинен шайлоо, референдум деген максаттарына пайдаланып, ар кандай саясий бандиттик күчтөрдүн колуна салып бергендигин көрүп эле келатабыз. Билим берүү тармагын дарыяга салыштырсак, анын мугалим — ​окуучу деген эки жээги бар. Бүгүнкү агартуу саясаты мектеп директорлорунан, райоблОНОнун, министрликтин министр баш болгон чиновниктеринен турган кагазбаздар жогорудагы дайранын көпүрөсүн ээлеп, мугалим менен окуучунун сапаттуу жана натыйжалуу байланышына чоң тоскоолдук жаратып келишүүдө.

— Бир кездеги Кыргызстандагы өнүккөн социализм менен азыркы шөмтүрөгөн капитализмдеги билим берүүнүн сапаттык айырмачылыгы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

— Мен Ош пединститутун аяктагандан кийин 14 жыл орто мектепте сабак берген киши катары сиз берген суроого жооп берүүгө моралдык укугум бар деп эсептеймин. Айырма ат менен эшектей же асман менен жердей деп айтсам жарашат. Суроону “азыркы шөмтүрөгөн капитализм” дебей эле, “галстук таккан феодализм” деп атасаңыз туура болгудай.

Кыргызстанда бүгүнкү күндөгү эң кор болгон социалдык категория бул — ​мектеп мугалимдери. Мен мектеп мугалими кезимде 210 рубль айлык алаар элем. Ал кезде семиз кой 40 сом турчу. Учурда 1 ставкада иштеген мага окшогон карапайым мугалим айына орточо арыктыктагы 1 кой табат… Мындай учурда көпчүлүк мугалимдердин башына мылтык такап туруп эле окуучу жөнүндө ойлонууга мажбурлай албасак… кыскасын айтканда, бүгүнкү бийлик тарабынан мугалимдин айланасындагы түзүлгөн аргасыздык билим берүүнүн сапатын өлтүрүүдө. Тоолуу же алыскы аймакта иштегендиги үчүн деген кошумча төлөмдү кошпогондо, бүгүнкү мугалим бардык жеңилдиктерден ажыраган: акысыз көмүр, кезексиз жер участогу берилбейт, үйү жок мугалимге ижара акысы төлөнбөйт. «Билим берүүнүн мыктысы», «Эл мугалими» деген наамдар үчүн төлөмдөр да жоюлган. Кошуна КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу билим берүү тармагына — ​мектеп мугалимине бөлүнгөн каражатты ага караганда салыштырмалуу түрдө райоблОНО, Билим берүү министрлигиндеги чиновниктер көп жейт. Бул эмне, мугалимге, окуучуга — ​эртеңки күнүбүзгө болгон камкордукпу?

— Сиз, агай, учурунда Билим берүү министри, Жогорку Кеңештин депутаты болдуңуз? Ушул учурларда азыр сиз күйүгүп сүйлөп жаткан маанилүү тармакка кандай салым коштуңуз?

— Мактанайын деген деле оюм жок эле, суроону өзүңүз берип калдыңыз. 2011-жылы менин демилгем менен Жогорку Кеңеште мектеп мугалимдеринин айлыгын жогорулатуу маселеси коюлуп, Өкмөткө тапшырма берилген. Алгач Өкмөт мугалимдердин ставкаларын көтөрүп, бул тууралуу Жогорку Кеңешке отчёт берип туруп, маселе унутула түшкөндө байкуштарга каралган жогоруда айтылган социалдык жеңилдиктерди кыя чапкан…

Өзүңөргө белгилүү болгондой, ошол учурда жогорудагыдай көз боёмочулукту ишке ашырган “акылман” жетекчи жана “мультимиллионер” Атамбаев Өкмөт башчысы эле. Анын “акылман жетекчилиги” астында 2015-жылы СДПКга элдин добушун тартуу үчүн мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө байланышкан дагы бир көз боёмочулук ишке ашырылып, алардын татыктуу жашоого болгон укугу дагы бир жолу басмырланып, финансы министрлигинин кызматкерлери шордуулардын айлыгынан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен өздөрүнө олчойгон сыйлыктарды алышкан.

— Алмазбек Шаршенович Премьер-министр, кийинчерээк Президент кезинде мектеп мугалимдерине камкордук көрүү боюнча бийик трибунадан көп эле нерселерди айткандай болду эле…

— Туура, көп нерселерди айткан. Кийин да ишенчек мугалимдерди далай жолу алдап, көп убадаларды берген. Дүйнөлүк коомчулукка жар салып мактанган. Мисалы, ал “АКШ, Япония, Франция, Германия ж. б. мамлекеттер билим берүүгө жалпы бюджеттин 4–5%ын бөлсө, Кыргызстан 25%ын бөлөт” деп айткан… Жогорку Кеңештин депутаты мугалимден 11–12 эсе көп айлык алат, өнүккөн өлкөлөрдүн бюджетинен бери эле дегенде 5 эсе каражат көп бөлүнгөн Кыргызстанда биз атаган тармактын өкүлдөрү жетимдей бозоргон бойдон эле келатышат. Германиянын федералдык депутаты айына 26–27 миң евро айлык алса, немец мектебинин мугалими да ошончолук өлчөмдө айлык алат.

Ырымчыл болбосом да, мамлекеттик ууру бийликтин элди жарытпай келаткандыгы, кадыр-баркынын улам жоголуп бараткандыгы анын мына ушул бүгүнкү күндүн периштеси болгон мектеп мугалимдерин кордоп, талап-тоноп, капа кылып келаткандыгынан болуп жүрбөсүн деген да ой келет кээде.

— Билим берүү тармагы боюнча сиздей адистер аз эле. Бул багыттагы акыбалды жакшыртуу боюнча кандай сунуш айтаар элеңиз?

— Сунуштар көп эле айтылды. Мекенчил инсан катары мен да өз сунуштарымды айтуудан чарчабаймын деле. Эмне үчүн дегенде, алыска барбайлы, дубалдаш кошуналарыбыз казактар менен өзбектердин эле тажрыйбасына кайрылсак неге болбосун…

Учурда Кыргызстанда элдин санына салыштырмалуу мектептердин саны көп. Сан менен сапат биз үчүн ак менен кара дегендей эле карама-каршы түшүнүк да. Мисалы, айыл жерлердеги райондордо мечиттер сыяктуу эле кокту сайын эле мектеп. Бир далай мектептерде 150–200дөн, класстарда 10–15тен эле окуучу бар. Мындай жагдайларда окутуунун сапаты начар экендиги талашсыз. Ошондуктан, күнүмдүктү ойлобой, дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, 5–6 айылдын окуучуларын бир жерге топтоп, мектептерди ирилештирүү керек.

— Бул бизге эмне бериши мүмкүн?

— Мындайда биз көп нерседен утабыз: сапаттуу педагогикалык жамаатты түзөбүз; финансы каражаттарын чачкын, сарамжалсыз пайдаланбай, бир жерге топтой алабыз; материалдык-техникалык база, камсыздоо бир жерге чогултулуп, үнөмдүү, натыйжалуу иштетилет; класстар аралык атаандашуу пайда болуп, окутуунун сапаты жакшырат; мугалимдерге карата талап жогорулайт; мыкты мугалимдерди ар тараптан колдоого мүмкүнчүлүк пайда болот ж. б. Мектептерге окуучуларды ташуу үчүн чет өлкөлөрдөгүдөй автобустар талап кылынат. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында эле билим берүүнүн практикасы ушундай. Мисалы, Японияда бир мектепте орто эсеп менен 3 миңдей окуучу окуп, бир эле 10-класста 7–8ден класс бар. Мугалимдер 3 миңден 5 миң долларга чейин айлык алышат.

— Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө илим тармагы кандай каржыланат экен?

— Мисалы, АКШ, Япония, Германия ж. б. өлкөлөрдө илимий изилдөөлөр тармагына бюджеттен 5%ке жакын каражат бөлүнсө, бизде 0,12% гана бөлүнөт. Бул деген 48–50 эсе аз дегенди билдирет. Салыштыруу үчүн айтып кете турган болсок, Германиядагы шаарлардын биринде илимий лабораториянын башчысы болуп иштеген профессор досум айына 32 миң евро алса, биздин Илимдер Академиябыздын президенти 15 миң сом же болбосо 165 евро алат…

— Адис катары айтыңызчы, биздин мектептердеги коррупциянын бүгүнкү акыбалы кандай?

— Мектептер деле коомубуздун бир тармагы. Ошондуктан, өзүнө жараша коррупция тамырлаган. Жогор жак “коррупцияны жойдук” деп жар салып келгени менен, “ата-энелер фонду” деген уурунун жылчыгы пайда болду. Азыр деле окуучулар мектепке акча ташууга мажбур болушууда. Жогоруда аталган фондду жалмаган директорду жазалоо менен бул маселе чечилбейт. Бул маселе мектепти каржылоо толук чечилгенде гана минимумга жеткирилиши мүмкүн.

Коррупция тууралуу айтып калдыңыз. Албетте, бул коомдун рак оорусу болбосо да, коркунучтуу, өнөкөт жана жугуштуу оору. Учурда “коррупцияны жок кылабыз, жоёбуз” деген ураандар улам катуу жайылууда жана президентибиз Сооронбай Жээнбеков бул багытта айрым бир чараларды көрүп, коомчулук колдоого алууда. Мен да бул багыттагы аракеттерди колдойм жана аны күчөтүүнү каалайм. Ага кошумча төмөнкүлөрдү айткым келет: коррупция жоюлбайт жана жок болбойт, анын тиштерин чагып, буттарын сындырып салуу керек. Ошондо гана ал коомдук өнүгүүнүн алдына түшүп алып, анын ырыскысын уурдап-жеп, кайда баруу багытын аныктабастан, арт жакта аксап жүрүп отурууга тийиш…

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ

РЕДАКЦИЯДАН: баарыбыз эле мектептен чыкканбыз. Дайыма мугалимдерибизди эстейбиз, ойлойбуз. Базардагылар, соодагерлер, тачка түрткөндөр, кайырчылар кечке жакын, чарчагандыктарына карабастан, жаркылдап-жайнап үйлөрүнө кайтышса, мугалимдер жумуш күнүнүн аягында маанайлары сууп, ой басат. Эмне үчүн?..

Тогуз-Тородогу №2-мектептин тарых мугалими Шайлообүбү Чоконбаева 41 жылдык стажы менен 8 миң сом айлык алат. Айлыкты алып-албай жатып шордуу мугалим карыздарын төлөөгө шашат. Ал эми Билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гүлмира сулуу деген, Айдан түшө калганбы, айтор, мугалимдин орточо айлыгы 13 миң деп элди күлдүрөт.

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин директору Кыялбек Акматов колунда иштеген мугалимдердин алган эң чоң айлыгы 12 миң сомду түзөөрүн айтат.

Бишкек шаарындагы белгилүү №61-мектеп гимназиясынын директору, атактуу педагог Юрий Низовский “2011-жылга чейин мектептердин статусу, категориясы жана класс жетекчилик үчүн кошумча төлөмдөр жакшы болгон, — ​дейт. — ​Кыргыз Өкмөтүнүн кезектеги туура эмес чечиминен кийин мугалимдин айлыгы орто эсеп менен 3 миң сомго азайды.”

Акырында айтаарыбыз — ​Германиядагыдай кылып, биздин мугалимдердин айлыгын басымдуу бөлүгү ууру-кескилерден, соодагерлерден, коррупционерлерден, контрабандисттерден жана салыктан качкандардан, кечээки кылмышкерлерден жана катынпоздордон турган Жогорку Кеңештин депутаттарынын же Финансы министрлигиндегилердин айлыгы менен теңдештирүүгө неге болбосун?

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков баш болуп, Башбакан Мухаммедкалый Абылгазиев менен Жогорку Кеңештин депутаттары төш болуп, мугалимдер көйгөйүн карап көрүүлөрү зарыл.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: