Бразилиядагы мектептердин биринде иштеген мугалим эки айдан бери айлыгын алалбай, анын айынан батиринин ижарасына акы төлөй албай, мектепте жашап жүргөн агайына, окуучулары жардам иретинде 400 доллар акча топтоп беришкен. Мындайды күтпөгөн мугалим окуучуларынын көзүнчө жашып кетип, ыйлап жибергендиктен окуучулары жабыла тура калып агайын кучактап, кайра сооротууга аргасыз болушкан. Бул тууралу видеотасма кечээ, 2-июнда дүйнөлүк желеде тарады.
Видео: RT Youtube.com
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ