«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердигинин натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн түшкөн каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилет. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдөн жана аларга карата өкүмдөрдү аткаруудан өндүрүлгөн акча каражаттарын эсепке алуу, сактоо жана андан аркы пайдалануу үчүн атайын банктык эсепти ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.
Атайын эсептин ачылышы укук коргоо органдары тарабынан алардын ишинин натыйжасында бардык акча каражаттарын топтоо мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде гана даректүү бөлүштүрүүнү камсыздайт.
Атайын эсептин ачылышы көрсөтүлгөн акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупцияга каршы механизмдерди сапаттык жакшыртууга багытталган
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ