Menu

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан “2018-жылдагы дүйнөнүн сулуу айымы” Сания Шакирова каза болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-июндун түнүндө, саат 21.00. чамасында Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында бараткан “Ravon R3” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 31 жаштагы таксист К.Ч. унааны башкара албай жолдон чыгып кетип, жолдун четиндеги мүрзөнүн тосмосуна урунган. Бул тууралу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу башкы башкармалыгы билдирет.

Натыйжада, 30 жаштагы жүргүнчү Сания (Мамбеталиева) Шакирова ошол жерде каза болгон. Ал эми экинчи жүргүнчү 38 жаштагы С.Р. Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилди.

Эсиңиздерге сала кетсек, 30 жаштагы үч балалуу Сания Шакирова быйыл апрель айында Въетнамдын Нячанг шаарында өткөн  “2018-жылдагы дүйнөнүн сулуу айымы” Miss Universe Beauty-2018 сынагынын жеңүүчүсү болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: