Журналист Элнура Алканова 31-май күнү өкмөттүн алдындагы Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын башчысы Н.Ажыбаевдин жана тергөөчү З.Оморбековдун үстүнөн арыз жазып, аларга кылмыш ишин козгоону суранып КР Генпрокуратурасына кайрылды. Бул тууралу Элнура Алканова өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Эсиңиздерде болсо, былтыр, 2017-жылы журналист Элнура Алканова Максим Бакиевге караштуу “Идеал Хаус” элиттик турак-жай комплексин Алмаз Атамбаевдин дагы бир “балашкасы”, премьер-министр Сапар Исаковго африрленген адамдар арзан баада сатып алышканын ачыктаган иликтөөсүн жарыялаган.
Ошондо өкмөткө баш ийген Каржы полициясы өкмөттүн башчысы Сапар Исаковду жана анын адамдарын тымызын колдоп, журналист Элнура Алкановага каршы “коммерциялык ишканалардын жашыруун коммерциялык сырларын ачыкка чыгарды” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Өзүнө чет өлкөгө чыгууга тыюу салган бөгөт чарасын коюшкан.
Быйыл, 5-мартта жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун 8-февралдагы эпкини менен КР Генпрокуратурасы Каржы полициясынын бул кылмыш ишин токтоткон.
Азыр Элнура Алканова Каржы полициясынын аты аталган тергөөчүлөрү ага каршы мыйзамсыз кылмыш иш козгогону үчүн Кыргызстандын мыйзамдарынын алдында жооп берүүсүн талап кылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ